ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2021-жылдын 15-ноябры № 6
Өрүктү айылдык Кеңешинин Регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
2021-жылдын 6-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Өрүктү айылдык Кеңешинин Регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана аны кабыл алуу максатында Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылдын 6-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Өрүктү айылдык Кеңешинин Регламентине өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. Аталган Мыйзамга ылайык киргизилген өзгөртүүлөр менен Өрүктү айылдык Кеңешинин регламенти кабыл алынсын.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык тармактар, укук, мыйзамдуулук жана этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык Кеңешинин төрайымы: | К.С. Усенбаева |