ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2021-жылдын 15-ноябры № 9
Убактылуу комиссия түзүү жөнүндө
Өрүктү айыл өкмөтүнүн 03.03.2005-жылдагы №26 сандуу жана 02.10.2014-жылдагы №75-б сандуу буйругун жараксыз деп таап берүү жөнүндөгү Ала-Бука райондук прокуратурасынын доо арызын канааттандыруу боюнча Жалал-Абад областынын административдик сотунун 2021-жылдын 18-августундагы жана 2021-жылдын 27-сентябрындагы чечимине ылайык, чечим чыгарылган жер аянтында териштирүү, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын чегинде иш алып баруу үчүн убактылуу комиссия түзүү максатында Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад областынын административдик сотунун 2021-жылдын 18-августундагы жана 2021-жылдын 27-сентябрындагы чечимдерине ылайык, көрсөтүлгөн жер аянтында териштирүү, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын чегинде иш алып баруу үчүн убактылуу комиссия түзүлсүн.
2. Убактылуу комиссия төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
С. Абдиев – айылдык Кеңештин жер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы, комиссиянын төрагасы;
Ж. Арстанбеков – айылдык Кеңештин төрайымынын орун басары, комиссиянын мүчөсү;
Н. Абдираимов – айылдык Кеңештин жер боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү, комиссиянын мүчөсү;
Б. Анарбаев - айылдык Кеңештин жер боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү, комиссиянын мүчөсү;
А. Дооронбеков - айылдык Кеңештин жер боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү, комиссиянын мүчөсү;
Ш. Ниязбеков – айыл аймактын жер маселелери боюнча адисиснин убактылуу милдетин аткаруучусу, комиссиянын мүчөсү;
М. Осмонбеков – айыл аймактын ФЭБ башчысы, комиссиянын мүчөсү;
У. Ибраймалиев – айыл аймактын салык инспектору, комиссиянын мүчөсү;
К. Попушев – Өрүктү-Сай айылынын айыл башчысы, комиссиянын мүчөсү;
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл аймак башчысына милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңешинин төрайымы: | К.С. Усенбаева |