ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХI сессиясы
2023-жылдын 28-августу № 8
Ленин айыл аймагынын “Ардактуу атуулу”наамын ыйгаруу жөнүндө
Ленин айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жѳнүндѳ” жобону негиздеп,Ленин айыл өкмөтүнүн Ленин айылынын тургундарынын атынан «Ленин айыл аймагынын Ардактуу атуулу» наамын Жылчымышев Замирбеке ыйгаруу жѳнүндѳ» сунушун, Ленин айылдык кеңешинин Социалдык, коомдук жана эл аралык уюмдар менен байланыш туруктуу комиссиянын сунушунун негизинде, Ленин айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ленин айыл аймагынын социалдык-экономикалык ѳнүгүүсүнѳ кошкон зор салымы үчүн Ленин айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамы Ленин айылынын тургуну, Жылчымышев Замирбеке ыйгарылсын.
2. 2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
3. Токтом Ленин айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага: |
Н. Калмуратов |