КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык кеңешинин кезексиз он төртүнчү сессиясынын ( 4-шайланган) отуруму
2021-жылдын 22-июлу № 14/2
Т.Сыдыков атындагы орто мектептин капиталдык оңдоосуна элден чогулган кошумча акча каражатын айыл өкмөтүнүн атайын төлөм каражатынын эсебине смета киргизүү
Кеңеш айылдык аймагындагы Т.Сыдыков атындагы орто мектептин капиталдык оңдоосуна элден чогулган кошумча акча каражатын айыл өкмөтүнүн атайын төлөм каражатынын эсебине смета киргизүү боюнча айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Арзибековдун маалыматын угуп жана талкуулап Кеңеш айылдык кеңеши токтом кылат :
1.Т.Сыдыков атындагы орто мектептин капиталдык оңдоосуна элден чогулган кошумча 327 500 сом акча спонсордук каражаттар айыл өкмөттүн атайын каражаттарынын кирешеси катары төгүлсүн.
2.Айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетине киреше жана чыгаша бөлүгүнө 327 500 сом өлчөмүндө өзгөртүүлөр киргизилсин.
3.2021-жылдын бюджетине өзгөртүү киргизүү жагы КРЭФМ Кара-Кулжа аймактык бөлүмүнө сунушталсын.
4.Бул токтомду көзөмөлдөө жагы депутаттардын Кеңеш айылдык аймактык кеңешинин социалдык маданий, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштар иштери жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М.Абдылдаев |