КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык кеңешинин кезексиз он бешинчи ( 4-шайланган) сессиясынын отуруму
2021-жылдын 12-августу № 15/1
Кеңеш айылдык аймагында муниципалдык ишканасын түзүү жөнүндө
Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Калмуратовдун Кыргыз Республикасынын “ЖӨБ органынын 18-бер. 4-11-пункттарына ылайык” жана айыл өкмөтүнүн аймагында сапаттуу турак-жай кызматтарын көрсөтүү жолу менен Кыргыз Республикасынын турак-жай кодексинин нормаларын иш жүзүнө ашыруу жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кеңеш айылдык кеңеши токтом кылат :
1.Кеңеш айыл өкмөтүнүн аймагында сапаттуу турак-жай кызматтарын көрсөтүү үчүн айыл өкмөтүнүн алдында Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ө алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын кодексинин нормаларына ылайык “ Кеңеш таза суу жана тазалык” муниципалдык ишканасы түзүлсүн.
2.Айыл өкмөтү арабынан “Кеңеш таза суу жана тазалык” муниципалдык ишканасынын жобосу иштелип чыксын.
3.”Кеңеш таза суу жана тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси дайындалсын жана муниципалдык ишканасын түзүү үчүн керектүү юридикалык документтерин даярдап, каттоодон өтөрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Калмуратовго милдеттендирилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин транспорт, коммуникация, курулуш, жерге жайгаштыруу, электр тармагы жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М.Абдылдаев |