Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2024-жылдын 15-майы № 56
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Лейлек, Нарын, Ноокат жана Ноокен аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери келип түштү.
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-пунктунун жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, депутаттар депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө арыз бергендигине байланыштуу жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө:
- Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын 07.05.2024-ж. № 4 - Баткен облусунун Лейлек районундагы Бешкент айылдык кеңеши боюнча;
- Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын 22.04.2024-ж. № 2; 08.05.2024-ж. № 4 - Нарын облусунун Нарын районундагы Казан-Куйган жана Жан-Булак айылдык кеңештери боюнча;
- Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын 30.04.2024-ж. № 4 - Ош облусунун Ноокат районундагы Кара-Таш айылдык кеңеши боюнча.
Жеке арыздардын негизинде депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жөнүндө:
- Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын 30.04.2024-ж. № 4 - Ош облусунун Ноокат районундагы Кара-Таш айылдык кеңеши боюнча;
- Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын 10.05.2024-ж. № 6 - Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Ноокен айылдык кеңеши боюнча.
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, бош калган мандаттарды тиешелүү бир мандаттуу шайлоо округ боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган шайланган депутаттан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө:
- Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын 07.05.2024-ж. № 4 - Баткен облусунун Лейлек районундагы Бешкент айылдык кеңеши боюнча;
- Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын 08.05.2024-ж. № 4; 11.05.2024-ж. № 5 - Нарын облусунун Нарын районундагы Жан-Булак жана Казан-Куйган айылдык кеңештери боюнча;
- Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын 30.04.2024-ж. № 4 - Ош облусунун Ноокат районундагы Кара-Таш айылдык кеңеши боюнча;
- Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын 10.05.2024-ж. № 6 - Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Ноокен айылдык кеңеши боюнча.
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 12-бөлүгүнүн негизинде, бош калган мандаттарды резервге калтыруунун негизинде мандат алган депутат-аялдын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда тийиштүү шайлоо округунда шайлоочулардын кыйла көп добуштарын алган кийинки талапкер аялга өткөрүп берүү жөнүндө:
- Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын 10.05.2024-ж. № 6 - Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Ноокен айылдык кеңеши боюнча.
Аймактык шайлоо комиссияларынын кабыл алынган чечимдери "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин талаптарына ылайык келет.
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, "Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет".
Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Лейлек, Нарын жана Ноокат аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Нарын жана Ноокен аймактык шайлоо комиссияларынын депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу боюнча чечимдери 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Лейлек, Нарын, Ноокат жана Ноокен аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды талапкерлерге катталган тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
5. Лейлек, Нарын, Ноокат жана Ноокен аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 3-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
6. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Төрага |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 15-майындагы № 56 токтомунун 1-тиркемеси |
Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз |
Баткен облусу | |||
Лейлек району | |||
1 | Бешкент айылдык (№ 2 Бешкент шайлоо округу) | Бекмирзаев Долатбек Эсеналиевич | Лейлек АШК, № 4, 07.05,2024-ж. (07.05,2024-ж. өз арызы) |
Нарын облусу | |||
Нарын району | |||
2 | Жан-Булак айылдык (№ 1 Жан-Булак шайлоо округу) | Мамбеткулов Эрмек Эшимканович | Нарын АШК, № 4, 08.05,2024-ж. (19.04.2024-ж. өз арызы) |
3 | Казан-Куйган айылдык (№ 1 Казан-Куйган шайлоо округу) | Шаарбек уулу Бекназар | Нарын АШК, № 2, 22.04.2024-ж. (19.04.2024-ж. өз арызы) |
Ош облусу | |||
Ноокат району | |||
4 | Кара-Таш айылдык (№ 2 Кайнар-Булак шайлоо округу) | Аманбаев Уларбек Абдилбакыевич | Ноокат АШК, № 4, 30.04.2024-ж. (15.04.2024-ж. өз арызы) |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 15-майындагы № 56 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгарылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин Ф.А.А. | Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз |
Нарын облусу | |||
Нарын району | |||
1 | Жан-Булак айылдык (№ 1 Жан-Булак шайлоо округу) | Амантуров Кубатбек Бектурович | Нарын АШК, № 4, 08.05,2024-ж. (28.04.2024-ж. өз арызы) |
2 | Жайлообек уулу Болотбек | Нарын АШК, № 4, 08.05,2024-ж. (28.04.2024-ж. өз арызы) | |
3 | Мамбеталив Таалайбек Токтогазиевич | Нарын АШК, № 4, 08.05,2024-ж. (06.05,2024-ж. өз арызы) | |
Жалал-Абад облусу | |||
Ноокен району | |||
4 | Ноокен айылдык (№ 4 Курулуш шайлоо округу) | Кожомуратов Эдилбек Кадырбекович | Ноокен АШК, № 6, 10.05,2024-ж. (08.05,2024-ж. өз арызы) |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 15-майындагы № 56 токтомунун 3-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Баткен облусу | ||||
Лейлек району | ||||
1 | Бешкент айылдык (№ 2 Бешкент шайлоо округу) | Мирмахмедов Эрали Аширалиевич | Жеке ишкер | Лейлек АШК, № 4, 07.05.2024-ж. |
Нарын облусу | ||||
Нарын району | ||||
2 | Жан-Булак айылдык (№ 1 Жан-Булак шайлоо округу) | Жээнбек кызы Гүлзат | Жеке ишкер | Нарын АШК, №4, 08.05.2024-ж. |
3 | Казан-Куйган айылдык (№ 1 Казан-Куйган шайлоо округу) | Куталиев Жумабек Чылабаевич | Казан-Куйган айылынын орто мектеби, чарба башчы | Нарын АШК, № 5, 11.05.2024-ж. |
Ош облусу | ||||
Ноокат району | ||||
4 | Кара-Таш айылдык (№ 2 Кайнар-Булак шайлоо округу) | Осмонов Алмазбек Исраилович | Ноокат аймактык ооруканасы, врач-анестезиолог | Ноокат АШК, № 4, 30.04.2024-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Ноокен району | ||||
5 | Ноокен айылдык (№ 2 Ноокен шайлоо округу) | Анарбаев Сеитбек Абдилашимович | "Кочкор-Ата айылкурулуш" АК, жетекчинин орун басары | Ноокен АШК, № 6, 10.05.2024-ж. |
6 | Ноокен айылдык (№ 4 Курулуш шайлоо округу) | Абдурасулов Каныбек Аманбекович | "Кыргызнефтегаз" ААК, өрт өчүрүү бөлүмүнүн командири | Ноокен АШК, № 6, 10.05.2024-ж. |
7 | Камытова Эльмира Таирбековна | Орозматов атындагы орто мектеби, мугалим | Ноокен АШК, № 6, 10.05.2024-ж. | |