Редакцияот 23.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Ак-Жол айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезексиз III-сессиясы

 

2021-жылдын 23-июлу № 3

“Осмонбек” жоопкерчилиги чектелген коомунун директорунун милдетин аткаруучу Н Ыбрайымовдун кайрылуусун кароо жөнүндө

Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII VIII- чакырылышынын кезексиз III-сессиясынын күн тартибиндеги 3- маселеси “Осмонбек” жоопкерчилиги чектелген коомунун директорунун милдетин аткаруучу Н Ыбрайымовдун кайрылуусун кароо жөнүндө айыл өкмөтүнүн жер адиси Ы.Молорбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезексиз III-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.“Осмонбек” ЖЧКсынын директорунун милдетин аткаруучу Н.Ыбрайымовдун кирпич заводун куруу жөнүндөгү көтөргөн маселеси мезгил талабына үндөш келерлиги белгиленсин.

2. Жергиликтүү тургундардын суроо-талаптарына ылайык айыл өкмөттүн аймагына кирпич заводун курууга макулдук берилсин.

 

 

Ак-Жол айылдык аймактык

Кеңешинин төрагасы:

 

Алыбаев Ж