КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 6-сессиясы
2021-жылдын 7-сентябры № 6-6
Көк-Жар айылдык кенешинин 6-чакырылышынын кезектеги 41-сессиясынын №41-6 сандуу токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Көк-Жар айылдык кенешинин 6-чакырылышынын кезектеги 41-сессиясынын №41-6 сандуу токтомунда көрсөтүлгөн кайрымдуулук фонду тарабынан комплекс, мектеп, бала бакча, спорт комплекс жана ФАП куруу максатында “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына негиз, Борбаш айылында жайгашкан КБФнын жеринен суралып жаткан 1,5 га жер аянтын 2га болуп өзгөртүү максатында, Көк-Жар айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Көк-Жар айылдык кенешинин 6-чакырылышынын кезектеги 41-сессиясынын №41-6 сандуу токтомунда көрсөтүлгөн кайрымдуулук фонду тарабынан комплекс, мектеп, бала бакча, спорт комплекс жана ФАП куруу максатында “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына негиз, Борбаш айылында жайгашкан КБФнын жеринен суралып жаткан 1,5 га жер аянтын 2 га болуп өзгөртүлсүн, трансформациялоого жогорку органдарга кайрылууга макулдук берилсин.
2. Иш кагаздарын даярдоо жана токтомду бекитип берүү жагы Көк-Жар айыл өкмөтүнөн суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айылдык кенешинин мыйзамдуулук, билим беруу ишкердуулук жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Т. Пирматов |