КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 6-сессиясы
2021-жылдын 7-сентябры № 6-7
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен жана демөөрчүлөр тарабынан алынган электро трансформаторлорду акысыз (КТП) “Ошэлектро” АККнын балансына өткөрүп берүү жөнүндө
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн аймагындагы жергиликтүү калкты электр энергиясы менен камсыз кылууну мындан ары жакшыртуу, тейлөө шарттарын жакшыртуу, Көк-Жар айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен жана демөөрчүлөр тарабынан алынган электро трансформаторлорду акысыз (КТП) «Ошэлектро» АККнын балансына өткөрүп берүү үчүн, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндөгү мыйзамынын №18-беренесине негиз, Жер, айыл чарба,суу,жайыт, жаратылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиянын чечимин угуп жана талкуулап, Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн аймагындагы жергиликтүү калкты электр энергиясы менен камсыз кылууну мындан ары жакшыртуу, тейлөө шарттарын жакшыртуу, Көк-Жар айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен жана демөөрчүлөр тарабынан алынган электро трансформаторлорду акысыз (КТП) «Ошэлектро» АККнын балансына «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндөгү мыйзамынын №18-бересинин негиз өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Электро трансформаторлоду өткөрүп берүү боюнча тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жана тийиштүү ишканаларга төлөнүүчү акча каражатын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы С Минбаевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айылдык кеңешинин Жер, айыл чарба,суу,жайыт, жаратылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Т. Пирматов |