КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 6-сессиясы
2021-жылдын 7-сентябры № 6-9
“Жийде” ичүүчү сууну керектөөчүлөрүнүн айылдык коомдук бирикмесинин сураныч катын кароо жөнүндө
“Жийде” ичүүчү сууну керектөөчүлөрүнүн айылдык коомдук бирикмесинин сураныч катына негиз Жийде айылынын тургундарын таза ичүүчү сууну керектөөлөрүн канаатандыруу максатында, 1000 м3 резервуар курууга жер аянтын ажыратууга макулдук берүү максатында, Көк-Жар айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. “Жийде” ичүүчү сууну керектөөчүлөрүнүн айылдык коомдук бирикмесинин сураныч катына негиз Жийде айылынын тургундарын таза ичүүчү сууну керектөөлөрүн канаатандыруу максатында, 1000 м3 резервуар куруу үчүн жер аянтын ажыратууга макулдук берилсин.
.
2. «Жийде» ичүүчү сууну керектөөчүлөрүнүн айылдык коомдук бирикмесинин көрсөткөн жер аянты, жайыт жерине туш келгендигине байланыштуу мыйзамдуулук жагын кароо жагы Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы С.Минбаевге жана Көк-Жар жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы А.Карабаевге сунушталсын.
3. Такталган жер аянты боюнча ижарачы менен болгон сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жагы Жийде айылынын башчысы М.Осмоновго милдеттендирилсин.
4. Бул маселенин аткарылуусун көзөмөлдөө жагы айыл чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Т. Пирматов |