Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 29-январы № 2
Ак-Жол айыл аймагынын Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн 2021- жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII -чакырылышынын кезектеги XXIX - сессиясынын күн тартибиндеги экинчи маселеси боюнча айыл Өкмөт башчысы Б.Мырзагуловдун 2021-жылга карата даярдалган айыл Өкмөттүн социалдык-экономикалык өнүгүү планынын долбоорун карап чыгып ,талкуулап айыл аймактык Кеңешинин VII - чакырылышынын кезектеги XXIX - сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн 2021-жылга карата даярдалган социалдык-экономикалык өнүгүү планы кээ бир алымча-кошумчалары жана иш чарасы менен кошо бекитилсин.
2. Социалдык -экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы боюнча калктуу конуштарда эл менен болгон жолугушуу учурларында маалымат берип туруу жагы айыл Өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
Ак-Жол айылдык аймактык Кеңешинин төрагасы: |
Т. Батыралиев. |