Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин VIII чакырылыштагы кезексиз XLVIII сессиясы
2024-жыл 10-май №48/1
“Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин көзөмөлүнө өткөн мамлекеттик фондунун жерлеринин ижара акысынын өлчөмдөрүн бекитип берүү жөнундө”
Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын № 1-12/689 26.04.2024ж. катынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 17.12.2021 жылдагы №309 токтомунун, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин 19.09.2022 жылдагы «Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин үрөнчүлүк, асыл тукум чарбаларына, айыл чарба кооперативдерине жана айыл чарбасынын экономикалык артыкчылыктуу субьектерине берүү тартибин бекитүү жөнүндо» № 329-НИ менен 29.03.2023ж. №120-НИ буйруктарын ишке ашыруу максатында Айыл чарба министрлигинин көзөмөлүнө өткөн мамлекеттик фондунун жерлеринин ижара акысынын өлчөмдөрүн эсептөөдө, айыл чарба багытындагы жерлеринин, жер салыктарынын ставкаларын карап, талкуулап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттарынын VIII чакырылыштагы, кезексиз XLVIII сессиясы токтом кылат:
1.Көк-Жаңгак шаарынын айыл чарба багытындагы жер салыктары төмөндөгүдөй бекитилип берилсин:
-сугат жерлер 1га 434 сом;
-кайракы жерлер 1га 61,3 сом;
-көп жылдык бак дарактар 1га 240 сом;
-чабындылар 1га 50,90 сом;
-жайыттар 1га 35,40 сом.
2.Токтомдун аткарылышын шаардык мэриясынын жер боюнча тиешелүү адисине жана салык бөлүмүнүн башкы адиси К.Мамытовага жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын шаардын мэри Замирбек уулу Сыргака жана шаардык кеңештин экономика өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Киезбаевге милдеттендирилсин.
4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы: | З.Байдавлетов |