Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин VIII чакырылыштагы кезексиз XLVIII сессиясы
2024-жыл 10-май №48/2
“Көк-Жангак шаарынын кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерине (КБФ) ижара акы төлөмдөрүн көбөйтүп берүү жөнүндө”
Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын № 1-12/688 25.04.2024ж. катынын негизинде Көк-Жангак шаарынын кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин ижара акы төлөмдөрүн көбөйтүү боюнча карап, талкуулап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттарынын VIII чакырылыштагы, кезексиз XLVIII сессиясы токтом кылат:
1. Көк-Жангак шаарынын кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин ижара акы төлөмдөрү төмөнкүдөй бекитилип берилсин:
- 1га сугат жердин ижара акысы 3000 сом;
- 1га кайракы айдоо жердин ижара акысы 1500 сомго;
- 1га бак дарак ижара акысы 1000 сом.
2.Токтомдун аткарылышын шаардык мэриясынын жер боюнча тиешелүү адисине жана салык бөлүмүнүн башкы адиси К.Мамытовага жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын шаардын мэри Замирбек уулу Сыргака жана шаардык кеңештин экономика өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Киезбаевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы: | З.Байдавлетов |