Редакцияот 26.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГҮЛЧӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Гүлчө айыл аймагынын айылдык кенешинин 7- чакырылышынын кезексиз III-отуруму

2024-жылдын 16-апрели №3

Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын №3 Протоколун бекитүү жөнүндө

 

Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезекcиз III-отуруму, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56 буйругунун негизинде Жергиликтүү кенештердин ишинин негиздеринин жалпы жобосунда 42.9-берененин 42.10–пунктуна жана Жергиликтүү кенештердин ишинин негиздеринин жалпы жобосуна ылайык , Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын №3 Протоколунун жыйынтыгы бекитилсин.

  2. Жергиликтүү кеңештин Типтүү Регламентиндеги 3-бөлүмүнун 3.9-пунктуна ылайык эки талапкер тең депутаттардын тең санын алгандыгына байланыштуу төрага шайланган жок деп эсептелинсин.

3. Жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен жергиликтүү кеңештин эрки боюнча биринчи сессиянын кунүндө эле төраганы шайлоонун II-туру белгиленсин.

 

Төраганын орун басары

 

Р.Пазылова