Редакцияот 10.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин VIII чакырылыштагы кезексиз XLVIII сессиясы

 

2024-жыл 10-май №48/3

 

“Көк-Жаңгак шаарынын жергиликтүү бюджетине «Байасман-Тоо» ЖЧКМУнан  ижара акысынан түшкөн 800,0 миң сом акча каражатын жана спорт комплекске  бөлүнгөн 1900,0 миң сом акча каражатынын багытын өзгөртүп кайрылуу  каттардын негизинде бөлүп берүү жөнүндө”

         

          Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын 19.04.2024ж. №1-12/639 жана 19.04.2024ж. №1-12/640 кайрылуу каттарынын жана шаардык кеңештин бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 08.05.2024ж. №9 протоколунун негизинде жалпысынан 2700,0 (Эки миллион жети жүз) сом акча каражатын мекеме ишканалардын кайрылууларын карап талкуулап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттарынын VIII чакырылыштагы, кезексиз XLVIII сессиясы токтом кылат:

ТОКТОМ кылат:

 

1. Көк-Жаңгак шаарынын жергиликтүү бюджетине түшкөн 800,0 миң сом акча каражатын жана спорт комплекске бөлүнгөн 1900,0 миң сом акча каражатынын багытын өзгөртүп төмөнкүдөй бөлүнүп берилсин:

- Көк-Жаңгак шаардык мэриянын чатырын алмаштырууга 172,6 миң сом;

- «Көлмө» кварталындагы спортзалын куруу үчүн өздүк салымына 553,8 миң сом;

- Көк-Жаңгак шаардык жалпы дарыгерлер практикалык борборунун инфекция бөлүмүнүнө 579,8 миң сом;

- кесепеттерди жоюу иштерине жана алдын алууга 100,0 миң сом;

- Көк-Жаңгак шаарынын №4 Ю.А.Гагарин орто мектебинин короосун тосууга 84,9 миң сом;

- Көк-Жаңгак шаардык маданият үйүнүн имаратын оңдоо үчүн 347,2 миң сом;

- Көк-Жаңгак шаарындагы Крупская көчөсүнө шагл төшөө жана тегиздөө жумуштарын аткарууга 43,0 миң сом;

- Көк-Жаңгак шаардык борбордук трибунага керектелүүчү курулуш материалдарына 200,0 миң сом;

- Көк-Жангак шаардык мэриясына караштуу муниципалдык менчик департментине атайын техникаларга күйүүчү май алууга 100,0 миң сом жана керектелүүчү авто тетиктерин жаңылоого 30,0 миң сом;

- Кок-Жангак шаарынын №3 «Байчечекей» балдар бакчасынын чатырын оңдөп түзөөдөн өткөрүүгө 81,8 миң сом;

- Көк-Жаңгак шаарынын «Зона» кварталынын көчөлөрүнө шебень төгүү үчүн 100,0 миң сом;

- Көк-Жаңгак шаарынын 23 кварталынын аялдамаларына 100,0 миң сом;

- Кыргыз Республикасынын 2013ж. 30 майындагы №302 токтомунун негизинде билим берүү бөлүмүнүнө бир штат ачып, 2024ж. 8 айына 206,9 миң сом.

 

2. Бул токтомду аткаруу жагы шаардын мэри Замирбек уулу Сыргака жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Көк-Жаңгак башкармалыгынын жетекчиси К.Маткаримовго милдеттендирилсин.

 

3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

 

 

 

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы:

З.Байдавлетов