Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин VIII чакырылыштагы кезексиз XLVIII сессиясы
2024-жыл 10-май №48/4
“Көк-Жаңгак шаарындагы Шерматов көчөсүндөгү жантайма жердеги
1578,0 кв. жер аянтын муниципалдык менчике алуу жөнүндө”
Көк-Жаңгак шаардык мэриясына караштуу муниципалдык менчик департаментинин 29.04.2024 жылдын № 1-08/17 кайрылуусун карап талкуулап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттарынын VIII чакырылыштагы, кезексиз XLVIII сессиясы токтом кылат:
1. Көк-Жаңгак шаарындагы Шерматов көчөсүндөгү жантайма жердеги 1578,0 кв. жер аянты муниципалдык менчике алынсын.
2.Тиешелүү иш кагаздарын даярдап, муниципалдык менчике киргизүү жагы муниципалдык менчик департаментинин башкы адиси Р.Талиповго жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын шаардын мэри Замирбек уулу Сыргака милдеттендирилсин.
4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы: | З.Байдавлетов |