Редакцияот 28.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезексиз VII сессиясы

2021-жылдын 28-сентябры №7-3

2021-жылдын 2-сентябрындагы Ат-Башы айылынын тургуну Ж. Баатырбекованын арызы жөнүндө

     2021-жылдын 2-сентябрындагы Ат-Башы айылынын тургуну Ж. Баатырбекованын ашыкча пайдаланып жүргөн жер аянтын жеке менчикке чыгарып берүү жөнүндөгү арызын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23.09.2011-жылдагы №571 токтомунун 4-бөлүмүнүн 11-пунктунун негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Ат-Башы айылынын тургуну Ж. Баатырбекованын Ат-Башы айылынын Чеч-Дөбө №85 дарегинде жайгашкан турак жайынын түштүк-батыш тарабындагы ашыкча пайдаланып жүргөн 137,4 чарчы метр жер аянты түз сатуу жолу менен жеке менчигине сатылсын;

 

2.  Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн жер, турак жай, коммуналдык маселелер жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча башкы адиси Б. Жунусалиевге милдеттендирилсин;

 

3.  Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары К. Жапаровго тапшырылсын.

 

Ат-Башы

айыл аймагынын

айылдык кеңешинин

депутаттарынын төрагасы

 

 

 

А. Өмүракунов