АТ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезексиз VII сессиясы
2021-жылдын 28-сентябры №7-4
2021-жылдын 23-сентябрындагы “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан жазылган арызы жөнүндө
2021-жылдын 23-сентябрындагы “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан жазылган Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Аалиев кызматкерлерге кызматтык кысым көрсөтүп жаткандыгы жөнүндөгү арызын карап жана талкуулап, “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Аалиевдин ынтымакка келүүсүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 146-беренесинин жана Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезексиз VII сессиясынын 2021-жылдын 28-сентябрындагы №7 протоколунун негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Аалиевдин ынтымакка келүүсү эске алынсын;
2. Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Аалиевге иштеген ишиндеги кетирген кемчиликтери үчүн «Эскертүү» тартиптик жазасы берилсин;
3. «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын директору Д. Сулаймановго иштеген ишиндеги кетирген кемчиликтери үчүн «Эскертүү» тартиптик жазасы берилсин;
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын төрагасы |
А. Өмүракунов |