КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күнтуу айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин кезексиз 2 сессиясы
2024-жылдын 2- апрели № 3/12
Күнтуу айыл аймагындагы Аксакалдар Соту жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгынын негизинде, 2024-жылдын 19-февралындагы №52 Аксакалдар соттору жөнүндө мыйзамынын 15-беренесине ылайык Күнтуу айыл аймагынын жергиликтүү Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнтуу айыл өкмөтүнө караштуу жаңы Аксакалдар Сотунун коомдук органы түзүлсүн;
2. Аксакалдар Сотунун коомдук органды түзүүгө мыйзам чегинде иш алып барууга Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаев милдеттендирилсин;
3. Ушул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.
Күнтуу жергиликтүү Кеңешинин төрагасы |
| М.А. Тобоев |