Редакцияот 02.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Күнтуу айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин кезексиз 2 сессиясы

 

2024-жылдын 2- апрели № 3/15

 

Б. Джамгырчинов атындагы орто мектебинин эски имаратынын чатырын калыбына келтирүү үчүн Сокулук өнүктүрүү фондуна катышуу жөнүндө

2024 -жылдын 28-мартындагы катуу шамалдын кесепетинен жабыркап калган Күнтуу айылындагы Б. Джамгырчинов атындагы орто мектебинин эски имаратынын чатырын калыбына келтирүү үчүн Күнтуу айыл аймагынын жергиликтүү Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Күнтуу айыл аймагынын Күнтуу айылында “Б. Джамгырчинов орто мектебинин чатырын калыбына келтирүү” Сокулук районунун өнүктүрүү фондунун долбооруна катышууга макулдук берилсин;

2. Долбоордун жалпы суммасы 5 173774 (беш миллион жүз жетимиш үч миң жети жүз жетимиш төрт) сом, анын ичинен Сокулук өнүктүрүү фондунун каржылоосу - 2,300 (эки миллион үч жүз миң) сом, жергиликтүү бюджеттин каржылоосу - 2 873 774 (эки миллион сегиз жүз жетимиш үч миң жети жүз жетимиш төрт) сом;

3. Сокулук өнүктүрүү фондусуна катышууга мыйзам чегинде иш алып барууга Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаев милдеттендирилсин;

4. Ушул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.

 

 

Күнтуу жергиликтүү Кеңешинин төрагасы

 

М.А. Тобоев