ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын VI кезексиз сессиясы
2021-жылдын 25-октябры № 6/2
Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн атайын эсеп счетуна келип түшкөн акча каражатын бекитүү жөнүндө
Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Р.Аманованын билдирүүсүнүн негизинде, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын VI кезексиз сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн «Өнүктүрүү фонду» тарабынан Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн атайын эсеп счетуна келип түшкөн 200 000 сом (эки жүз миң сом) акча каражатын бюджеттин киреше бөлүгүнө бекитилип берилсин.
2. Бул акча каражатын Жерге-Тал айыл өкмөтүнө алынган айыл чарба техникаларынын (комбайн) төлөнбөй калган акча каражаты үчүн төлөнүп берилсин.
31122220- | 200 000 сом (эки жүз миң сом) |
3. Тиешелүү документтерди даярдоо Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Р.Амановага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Сыдыгалиевке тапшырылсын.
Төрага: | М.Турганалиев |