Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Күнтуу айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин кезексиз 3 сессиясы

 

2024-жылдын 19-апрели № 4/16

 

Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Чуй облусунун Сокулук районунун Күнтуу айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Күнтуу айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып, жана талкуулап Күнтуу айылдык кеңеши төмөнкүдөй чечим кабыл алды:

 

1. Күнтуу айыл амагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.

2. Күнтуу айылдык кеңешинин төрагасына жана Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысына Схемалык картага кол коюу тапшырылсын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Сокулук райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

 

Айылдык кенешинин төрагасынын

орун басары

 

Р.К. Чыныбаев