Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 17-февралы № 1
Ак-Жол айыл өкмөтүнүн аймагындагы Шынаа жана Бел-Өрүк айылдарына айыл статусун ыйгаруу жөнүндө
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз XXX-сессиясынын күн тартибиндеги 1-маселеси Ак-Жол айыл өкмөтүнүн Шынаа жана Бел-Өрүк айылдарына айыл статусун ыйгаруу жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз XXX-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жол айыл аймагынын Бел-Өрүк, Шынаа айылдары айыл статусун алууга талап кылынган нормалары туура келгендиктен аталган айылдарга айыл статусу ыйгарылсын.
2. Тиешелүү инстанцияларга даярдалган документтерди тактап жөнөтүү айыл өкмөтүнүн катчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун турмушка ашырылышына көзөмөл жүргүзүү айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мырзагуловго жүктөлсүн.
Ак-Жол айылдык аймактык Кеңешинин төрагасы: |
Т.Батыралиев |