Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 16-майы № 86
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
а) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Ушул берененин 21-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, өмүр бою эркиндигинен ажыратуу аялдарга, он сегиз жашка чейинки куракта кылмыш жасаган адамдарга, ошондой эле кылмыш жасаган учурда алтымыш жаш курагына чыккан эркектерге дайындалбайт.";
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 21-бөлүк менен толукталсын:
"21. Өмүр бою эркиндигинен ажыратуу кылмыш жасаган учурда алтымыш жаш курагына чыккан, баланын жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыш жасаган, эркектерге дайындалышы мүмкүн.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза поцессуалдык кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
349-берененин 4-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Баланын жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыштарды кошпогондо, сот жазаны дайындабастан айыптоо өкүмүн чыгарат, эгерде айыптоо өкүмү чыгарылган учурга карай төмөнкүлөр орун алса:".
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 21-майындагы № 38 (3591) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2024-жылдын 11-апрелинде |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |