Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 17-февралы № 2
Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 15.02.2021-жылдагы №23-б буйругун бекитүү жөнүндө
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз XXX -сессиясынын күн тартибиндеги 2-маселеси Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 15.02.2021-жылдагы №23-б буйругун бекитүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз XXХ-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 15.02.2021-жылдагы №23-б буйругунда көрсөтүлгөн 2021-жылга карата айдоо, себүү, талаачылык жумуштарында кызмат көрсөтүүнүн, бада акыларын, жайкы жайыттарга көчүп чыгуу мөөнөттөрүн, айып акыларды, ветеринардык кызмат көрсөтүүдөгү бааны жана жер тилкелерин ижарага берүүдөгү бааларды бекитүү жөнүндөгү буйругу негиздүү деп табылсын.
2. Кабыл алынган буйруктагы бардык көрсөткүчтөр, кызмат көрсөтүү тарифтери элдин калың катмарына жеткирилсин.
3. Бул буйрукту аткарбаган атуулдарга Кыргыз Республикасынын Бузуулар кодексине ылайык жаза чарасы колдонулаары жөнүндө маалымат баардык атуулдарга жеткирилсин.
Ак-Жол айылдык аймактык Кеңешинин төрагасы: |
Т.Батыралиев |