Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 17-февралы № 3
Айыл өкмөтүнүн борборундагы айылдык маданият үйүнүн эскилиги жетип авариялык абалга келгендигине байланыштуу жаны курулуш куруу үчүн аны бузууга уруксаат берүү жөнүндө
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз XXХ -сессиясынын күн тартибиндеги 3-маселеси айыл өкмөтүнүн борборундагы айылдык маданият үйүнүн эскилиги жетип авариялык абалга келгендигине байланыштуу жаңы курулуш куруу үчүн аны бузууга уруксаат берүү боюнча ФЭБ башчысы Туратбек уулу Бакбергендин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз XXХ-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн борборундагы айылдык маданият үйүнүн эскилиги жетип, авариялык абалга келгендиги туура экендиги белгиленсин.
2. Жаңы маданият үйүн куруу үчүн эски маданият үйүнүн курулуш материалдарын базар наркында сатыкка коюуга макулдук берилсин.
3. Эски маданият үйүнүн курулуш материалдарын базар наркында сатыкка коюу үчүн жумушчу комиссия түзүлсүн жана жумушчу комиссиянын курамына аксакалдар кеңешинен, аялдар кеңешинен, айылдык кеңештин депутаттарынан, жаштар уюмунан тартылсын.
Ак-Жол айылдык аймактык Кеңешинин төрагасы: |
Т.Батыралиев. |