Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 17-февралы № 4
Ак-Жол айылынын “Моңолдун сайы” учаскасына эмгек ардагери Алыбаев Алимбектин ысмын ыйгаруу жөнүндө
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз XXХ -сессиясынын күн тартибиндеги 4 маселеси Ак-Жол айылынын “Моңолдун сайы” учаскасына эмгек ардагери Алыбаев Алимбектин ысмын ыйгаруу жөнүндө маселени угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз XXХ-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эмгектин ардагери, маркум Алыбаев Алимбектин мамлекетке жана элге жасаган үзүрлүү эмгегин баалоо менен “Моңол-Сай” учаскасындагы көчөгө ысымы ыйгарылсын.
2. Ыйгарылган көчөнүн тазалыгына, сакталышына кам көрүү жагы эмгек ардагери Алыбаев Алимбектин уул-кыздарына милдеттендирилсин.
Ак-Жол айылдык аймактык Кеңешинин төрагасы: |
Т.Батыралиев |