Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 17-февралы № 8/1
Ак-Жол айылындагы балдар бакчасын уюштуруу жана төлөмдөрүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 29-июнундагы №198 “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндөгү” мыйзамынын негизинде Ак-Жол айылындагы балдар бакчасын уюштуруу максатында Ак-Жол айыл өкмөтүнүн каржы жана экономика бөлүмүнүн башчысы Туратбек уулу Бакбергендин жана Ак-Жол айылдык кеңешинин бюджет комитетинин төрагасы Эшалиев Эсеналынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХXХ-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жол айылындагы балдар бакчасына бара турган балдарды тамак-аш жана башка керектөөлөрү менен камсыз кылуу үчүн ар бир балага бир күнгө ата-энелери тарабынан 20 (жыйырма) сом өлчөмүндөгү төлөм бекитилсин.
2. Балдар бакчасындагы балдарды үч маал ысык тамак менен жана башка керектөөлөрү менен өз убагында камсыздоо Ак-Жол айылдык балдар бакчасынын жетекчилигине милдеттендирилсин.
3. Балдардын катышына карап акча каражатынын чогулуусун камсыз кылуу Ак-Жол айылдык балдар бакчасынын жетекчилигине жүктөлсүн.
4. Чогулган акча каражатын максаттуу пайдалануу жана сатып алууларды жүргүзүү жагы ФЭБнүн башчысы Б.Туратбек уулуна милдеттендирилсин
5. Бул токтомду аткаруу жагы Ак-Жол айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Б.Туратбек уулуна жүктөлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ак-Жол айылдык кеңешининалдындагы бюджет, соода жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э. Эшалиевге милдеттендирилсин.
7. Бул токтомду расмий веб-сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы К.Сатыбековго милдеттендирилсин.
Ак-Жол айылдык аймактык Кеңешинин төрагасы: |
Т.Батыралиев |