Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 17-февралы № 8/2
Ак-Жол айылындагы муниципалдык менчикти ижарага берүү жөнүндө
Ак-Жол айыл өкмөтүнүн балансындагы муниципалдык объектилерди ижарага берүү максатында Ак-Жол айыл өкмөтүнүн каржы жана экономика бөлүмүнүн башчысы Туратбек уулу Бакбергендин жана Ак-Жол айылдык кеңешинин бюджет комитетинин төрагасы Эшалиев Эсеналынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХXХ-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жол айылындагы базарга сатуучулардын, соодагерлердин жана сатып алуучулардын аз санда келип жаткандыгын эске алуу менен Ак-Жол айыл өкмөтүнө төгүлүүчү ижара акынын көлөмү бир айга 3,0(үч миң) сомдон 1,0(миң) сомго түшүрүлсүн.
2. Базардын ижара акысын ар бир айда Ак-Жол айыл өкмөтүнүн эсебине төгүп туруу жагы Ак-Жол базарынын базаркому Н.Мырзабековго милдеттендирилсин.
3. Ак-Жол айылындагы эски мечиттин имаратында пластикалык айнек, терезе жасоо менен алектенген Абайдын ишкердигин колдоо жана жеңилдик берүү максатында бир жылга ижара акысынан бошотулсун.
4. Ак-Жол айылында тиш дарылоочу жай үчүн Ак-Жол айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратынан берилген бөлмөнү ижарага берүүдө, тиш дарыгер Н.Жабаев тарабынан 7(жети) жашка чейинки балдарга жана 70(жетимиш) жаштагы пенсионерлерге акысыз кызмат көрсөтүү жагын милдеттендирүү менен ижара акысынан бошотулсун.
5. Бул токтомду аткаруу жагы Ак-Жол айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Б.Туратбек уулуна милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ак-Жол айылдык кеңешинин алдындагы бюджет, соода жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э. Эшалиевге жүктөлсүн.
7. Бул токтомду расмий веб-сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы К.Сатыбековго милдеттендирилсин.
Ак-Жол айылдык аймактык Кеңешинин төрагасы: |
Т.Батыралиев |