Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 17-февралы № 8/3
“Хельветас Свисс Интеркооперейшн” уюмунун “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун алкагында, ички жолдорду тейлөө кызмат көрсөтүүлөрүн жакшыртуу боюнча МАККЖАПтын өздүк салымын бекитүү жөнүндө жана жергиликтүү бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Ак-Жол айыл өкмөтүнүн Финансы-Экономика бөлүмүнүн башчысы Б. Туратбек уулунун жана Ак-Жол айылдык Кеңешинин бюджет комитетинин төрагасы Эшалиев Эсеналынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык Кеңешинин VII –чакырылышынын кезексиз ХXХ-сесcиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2021-жыл үчүн каралган бюджетинин эсебинен МАК (муниципалитеттер аралык кызматташуу) КЖАПты ишке ашыруу үчүн өздүк салым 1000,0(бир миллион) сом өлчөмүндө бөлүнүп берилсин.
2. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2021-жыл үчүн каралган бюджетинин эсебинен “Ак-Жол тазалык” муниципалдык ишканасына 368,7,0(үч жүз алтымыш сегиз миң жети жүз жыйырма) сом субсидия багытында акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. “Хельветас Свисс Интеркооперейшн” уюму тарабынан МАК КЖАПты ишке ашырууүчүн берилүүчү 5000,0(беш миллион) сом өлчөмүндөгү грантты бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнө кошумча планына отургузулсун.
4. Ички жолдорду тейлөө кызмат көрсөтүүлөрүн жакшыртуу боюнча МАК КЖАПта катышканайыл өкмөттөрдүн өздүк салымдарын; Жерге-Тал айыл өкмөтү 350,0(үч жүз элүү миң) сом, Авлетим айыл өкмөтү 400,0(төрт жүз миң) сом, Жаңы-Жол айыл өкмөтү 250,0(эки жүз элүү миң) сом жалпысынан 1000,0(миллион) сом акча каражатын кириштөө максатында бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнө кошумча планына отургузулсун.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Жол айылдык кеңешинин алдындагы бюджет, соода жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы: Э.Эшалиевге жүктөлсүн.
6. Бул токтом Ак-Жол айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Ак-Жол айылдык аймактык Кеңешинин төрагасы: |
Т.Батыралиев |