Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 10-майы № 229
"Чек талап кылып, байге утуп ал!" кызыктыруучу
лотереясынын байге фондун түзүү маселелери боюнча
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомунун редакциясына ылайык)
"Чек талап кылып, байге утуп ал!" кызыктыруучу лотереясынын байге фондун түзүүгө байланышкан айрым жол-жоболорду регламенттөө максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-декабрындагы № 672 "Социалдык-маданий багыттагы объекттерди, стратегиялык объекттерди, ошондой эле турак жай фондунун объекттерин куруу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбула төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдына коюлган милдеттерди натыйжалуу ишке ашыруу, турак жай фондунун объекттерин жана стратегиялык багыттагы маанилүү объекттерди курууну тездетүү, ошондой эле "Чек талап кылып, байге утуп ал!" кызыктыруучу лотереясынын байге фондун түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:";
2) 1-пункт "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коому" деген сөздөрдөн кийин ", "Чек талап кылып, байге утуп ал!" кызыктыруучу лотереясынын байге фондун түзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы" деген сөздөр менен толукталсын;
3) төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын:
"3-1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кыргызкурулушсервис" мамлекеттик ишканасы менен биргеликте 2023-жылы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы тарабынан өткөрүлгөн "Чек талап кылып, байге утуп ал!" кызыктыруучу лотереясынын жеңүүчүлөрүнө бир бөлмөлүү 9 (тогуз) батирди акысыз негизде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өткөрүп берсин.".
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2023-жылы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы тарабынан өткөрүлгөн "Чек талап кылып, байге утуп ал!" кызыктыруучу лотереясынын байге фондун түзүү үчүн, тактап айтканда 9 (тогуз) бир бөлмөлүү батирлер үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматына белгиленген тартипте каражат бөлүп берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кыргызкурулушсервис" мамлекеттик ишканасы ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 14-майындагы № 36 (3589) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |