Редакцияот 18.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Дара айылдык Кенешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги ХХVI сессиясы

2024-жылдын 18-апрели № 79

 

Дара айылдык кеңешинин 2024-жылдын 20-февралындагы №74 сандуу токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө

 

2024-жылдын 20-февралындагы Дара айыл өкмөтүнүн айылдык Кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги ХХV сессиясынын №74 сандуу токтомуна өзгортүү жана толуктоо киргизүү жөнүндөгү «Дара Тазалык» МИнын жетекчисинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:

1. Дара айыл аймагындагы «Дара Тазалык» МИнын 2023-жылга отчету кемчиликтер менен канаттандырарлык деп белгиленсин.

2. Дара айыл аймагындагы «Дара Тазалык» МИнын 2024-жылга карата түзүлгөн бюджетинин киреше бөлүгү 134500 (бир жүз отуз төрт мин эки жүз) сом, чыгаша бөлүгү 852600 (сегиз жүз элүү эки мин алты жүз) сомго бекитилсин.

3. 2024-жылга карата түзүлгөн иш планы тиркемеге ылайык бектилсин (тиркеме тиркелет №1).

4. Киреше бөлүгүнө жетпеген акча каражаты айыл өкмөтү тарабынан 500 000 (беш жүз мин) сом субсидия катарында каржыланып берилсин.

5. «Дара Тазалык» МИнын кызматын пайдаланган ар бир кожолук үчүн милдеттүү турдө айына 50 (элүү) сом тариф болуп белгиленсин.

6. Бюджеттик мекеме ишканалардагы ар бир адамга 100 сомдон, ал эми мектептер жана бала-бакчалардагы ар бир бала үчүн 5 сомдон болуп тариф белгиленсин.

7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн орун барасы Д.Анапияевке милдеттендирилсин.

 

Айылдык

кеңешинин тѳрайымы:

 

Р.Сайкалова

 

 

 

“Бекитемин”

Дара айылдык  Кенешинин  VII чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясынын №79 токтомуна тиркеме №1

 

«Дара Тазалык МИнын 2024-жылга карата түзүлгөн иш планы.

 

№

Аткарылуучу иштин мазмууну

Мөөнөтү

Аткарууга жооптуу

1

«Дара Тазалык МИнын 2024-жылга карата түзүлгөнбюджетинбекитуужанабюджеттикишканалармененкелишимдердитүзүү

2024-жыл январь айы

Ишкананын башчысы

2

Жогорку мамлекеттик органдардан келген токтом, буйрук каттар менен иштөө

Дайыма

Ишкананын башчысы

3

«Дара Тазалык МИнын  2023-жылга түзүлгөниш планы аткарылышы жөнүндө отчету

Февраль айы

Башкармалыктын башчы мучолору

4

«Дара Тазалык МИнын  2024-жылга түзүлгөн  бюджетин кенеште бекитүү

Март айы

Ишкананын башчысы

5

Калктын бюджеттик мекемелердин таштандыларын өзубагындаүзгүлтүксүз  ташыптазалыктыкамсыздоо

Дайыма

Ишкананын башчысы

6

Калка таштандыларды чыгарууга активтүүкатышуугатүшүндүрүүиштеринжүргүзүү

Дайыма

Ишкананын башчысы айыл башчылар жооптуу кызматкерлер

7

Тарифтерди өз убагында төлөөну уюштуруу

Дайыма

Ишкананын башчысы

8

Ишкананын ишин жандандыруу үчүн эл аралык уюмдар менен тыгыз иштоо

Дайыма

Ишкананын башчысы

9

«Дара Тазалык МИнын    иштегендерге маралдык материалдык колдоо  көрсөтүү

Дайыма

Ишкананын башчысы

 

 

 

 

 

 

«Дара Тазалык» МИнын башчысы М.Зайналов