КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Корул айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 27-отуруму
2024-жылдын 26-январь № 27/3
Көчөлөрдү жарыктандыруу боюнча
Корул айыл өкмөтүнүн 1-Май айылынын Артур Жээналиев атындагы көчөсүн жарыктандыруу боюнча,1-Май айылынын айыл башчысынын маалыматын угуп, талкуулап, Корул айылдык кеңеши токтом кылат:
1.1-Майайылынын Артур Жээналиев атындагы көчөсүндөгү курулуп жаткан жарыктандыруунун электр чубалгыларынан, электр энергиясы толук жетпей, электр лампалары күйүп жатканына байланыштуу, аталган көчөдөгү жарыктандыруу мамычаларынын санын тең экиге бөлүп, эки жерге, эки акылдуу эсептегич (счётчик) коюлсун.
2.Тиешелүү юридикалык документтерин тактоо жагы, Алайрайондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан жана Алай райондук электр ишканасынан суралсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, жамааттар жана граждандык коом менен иштөө,эмгек тартибин чыңдоо боюнча туруктуу комиссиясына жанаКорул айыл өкмөтүнүн башчысы М.Турганбаевге милдеттендирилсин.
Төрайым | М.А.Абдыкадырова |