Редакцияот 05.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Корул айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 28-отуруму

2024-жыл 12-февраль № 28/2

Корул айылдык кеңешинин 2024-жылга иш-планын бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын негизинде жана Корул айылдык Кеңешинин Регламентине ылайык 2024-жылга карата иш-планды бекитүү үчүн, туруктуу комиссиялардын талкуусун угуп жана алардын сунуштарына ылайык Корул айылдык кеңеши токтом кылат: 

1.  Корул айылдык кеңешинин 2024-жылга карата иш-планы тиркемеге ылайык бекитилсин.( тиркеме тиркелет).

2.  Корул айылдык кеңешинин 2024-жылга карата түзүлгөн иш планды өз мөөнөтүндө аткарууну камсыз кылуу жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Корул айылдык кеңешинин төрайымы М.Абдыкадырованын өз жоопкерчилигине калтырылсын.

  

Төрайым

М.А.Абдыкадырова