КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Корул айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 28-отуруму
2024-жыл 12-февраль № 28/3
Корул айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2024-жыл үчүн малга байланган жайыт акыны бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндөгү» мыйзамынын 6-беренесинин 4-пунктунун негизинде жайыттардын абалына мониторинг жүргүзүп, жалпы жайыттарды пайдалануунун 2024-жылдык планына ылайык, Корул айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Корул айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2024-жылга карата бюджетинин жалпы жыйынтыгы 250 000 сомго бекитилсин.
2. 2024-жылга жергиликтүү калкка жайыт пайдалануу үчүн 1 баш малга төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.
Бодо мал (уй) 1 баш - 60 сом
Жылкы 1 баш - 70сом
Кой-эчки 1 баш - 20 сом.
3. Сырттан келген малдар үчүн белгиленген суммадан ар бир мал башына эки эсеге көп төлөнсүн.
4. Жайыт комитетине жайыттарды пайдалануу боюнча, пландарды өз убагында жана бекитилген тартипте даярдоодо, бекитүүдө жана аткарууда ар тараптуу жардамдар айыл өкмөттүн тиешелүү кызматкерлери тарабынан такай көрсөтүлүп туруусу белгиленсин.
5. Жайыт жерлерди пайдалануу боюнча аткарыла турган баардык иш чаралар Кыргыз Республикасынын «Жайыт жөнүндө» мыйзамынын негизинде жүргүзүлүүсү каралсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөттүн башчысы Турганбаев Мустафага милдеттендирилсин.
Төрайым | М.А.Абдыкадырова |