Загрузка документа…
КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Булак айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXVIII-сессиясы
2024-жылдын 7-майы № 68
Кара-Булак айыл аймагынын 2024-2026-жылдарга өнүгүү
программасын бекитүү жөнүндө
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн СЭӨП түзүү боюнча жумушчу топтун 2024-2026-жылдарга карата климаттык коопсуздук, үй чарбаларынын же коомчулуктун деңгээлинде климаттын өзгөрүшүнүн таасирин азайтуу жана ага ыңгайлашуу, социалдык биримдикти, коомчулуктагы ынтымакты чыңдоо, гендердик теңчилик, жарандык коомду өнүктүрүү, жарандардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, Кара-Булак айыл аймагында экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүү багыттарында түзүлгөн өнүгүү программасын карап чыгып, Кара-Булак айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Булак айыл аймагынын 2024-2026- жылдарга карата түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүү программасы 8 артыкчылыктуу багыт 65 тапшырма 162 иш-чаралары бекитилсин.
2. Айыл аймагынын “2024-2026-жылдарга карата түзүлгөн социалдык - экономикалык өнүгүү программасындагы” иш чаралардын планын аткарууга алуу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3. Кара-Булак айылдык кеңешинин “Кара-Булак айыл өкмөтүнүн 2023-2026-жылдарга (орто мөөнөттүү) социалдык-экономикалык өнүгүү программасын бекитүү жөнүндө” 2023-жылдын 16-февралындагы №11 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
4. Токтом каттоодон өткөрүлүп, kara-bulak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | К.Шакиров |