Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXX сессиясы
2024-жыл 29-апрель №28
““ДЕКО” муниципалдык ишканасын «Ыңгайлуу шарт» муниципалдык ишканасына кошуу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Президентинин 29.12.2023-жылдагы №370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын 20.10.2021-жылдагы «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, 16.05.2016-жылдагы Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексин, 15.03.2002-жылдагы «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 16-беренесин, “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” 07.02.2024-жылдагы №52 токтомун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, Токтогул шаардык кенешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXX сессиясы, токтом кылат:
Мамлекеттик тилде: “Ыңгайлуу шарт” муниципалдык ишканасы;
Расмий тилде: Муниципальное предприятие “Благоустройство”;
Кыскартылган фирмалык аталышы:
Мамлекеттик тилде:”Ыңгайлуу шарт” МИ;
Расмий тилде: МП”Благоустройство”
4. “Ыңгайлуу шарт” муниципалдык ишканасынын уставы кайрадан иштелип чыгып, бекитилсин.
Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.
Төрага: | М.Т. Боргулов |
| БЕКИТЕМ Токтогул шаарынын мэри _____________ Б.Д.Максутбаев |
Өткөрүп берүү актысы
26.04. 2024-жыл. Токтогул шаары
Токтогул шаардык мэриясынын 2024-жылдын 25-апрелиндеги №101-А буйругу менен түзүлүп, бекитилген төмөндөгү комиссия курамы:
Т.Дарманова -Токтогул шаарынын мэринин орун басары, комиссиянын төрайымы;
М.Кудакеева -башкы адис, комиссиянын катчысы;
Т.Шатманалиев -аппарат жетекчи, комиссиянын мүчөсү;
Э.Сооронбекова -ФЭБ башчы, комиссиянын мүчөсү;
А.Көчкөнбаев -сектор башчы, комиссиянын мүчөсү;
М.Айтмурзаев -юрист, комиссиянын мүчөсү;
А.Касымов -“Ыңгайлуу шарт” муниципалдык ишканасынын директору,комиссиянын мүчөсү;
Б.Джантаев -“ДЕКО” муниципалдык ишканасынын директору, комиссиянын мүчөсү;
Д.Өмүржанов -“Булак суу” муниципалдык ишканасынын директору,комиссиянын мүчөсү;
“ДЕКО” муниципалдык ишканасын “Ыңгайлуу шарт» муниципалдык ишканасына кошуу жолу менен кайра түзүлүп, мамлекеттик кайра каттоодон өткөн күндөн тартып, «Ыңгайлуу шарт” муниципалдык ишкананын бардык укуктары жана милдеттери укук улантуучуга өтөт деп эсептелинсин, атап айтканда:
1. «ДЕКО” муниципалдык ишкана Укугу өтүүчүгө - “Ыңгайлуу шарт » муниципалдык ишканасына төмөнкү документтерди өткөрүп берет:
1.1. Муниципалдык ишкананын уюштуруу документтерин.
1.2. Муниципалдык ишкананын балансындагы мүлккө болгон укуктарын ырастоочу документтери.
1.3. Муниципалдык ишкананын ички документтерин жана отчетторун.
1.4. Бухгалтердик документтерин жана отчетторун (бухгалтердик баланстар, кирешелер жана чыгашалар жөнүндө отчеттор, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган финансылык отчетко тиркемелер, финансылык отчеттун аныктыгын ырастаган аудитордук отчеттор, түшүндүрмө каттар).
1.5. Архивге туруктуу сактоого өткөрүлүп берилген муниципалдык ишкананын иш кагаздарынын инвентаризациясы.
1.6. Сактоо мөөнөтү өтүп кеткен муниципалдык ишканасынын документтерди жок кылууга берүү жөнүндө актылар.
Ушул Өткөрүп берүү актысына ылайык, Муниципалдык ишкананын бардык укуктары жана милдеттери Укугу өтүүчүгө өтөт.
Муниципалдык ишкана өткөрүп берет, ал эми Укугу өтүүчү бардык карызкорлорго, кредиторлорго, ошондой эле Муниципалдык ишканага өз милдеттенмелерин мөөнөтүнөн мурда аткаргандыгы же тиешелүү милдеттенмелери токтотулгандыгы жөнүндө билдирбеген бардык кредиторлорго карата бардык укуктарды жана милдеттерди өзүнө алат.
Бул Өткөрүп берүү актысына Муниципалдык ишканадан көчүрмөлөрдү ырааттуу өткөрүп берүүнүн натыйжасында ыйгарылуучу тарап тарабынан ырааттуу түрдө кол коюлат жана бирдей юридикалык күчкө ээ үч нускада түзүлөт.
Т.Дарманова комиссиянын төрайымы: ______________________________
М.Кудакеева- комиссиянын катчысы: ______________________________
Т.Шатманалиев–комиссиянын мүчөсү: _______________________________
Э.Сооронбекова–комиссиянын мүчөсү: ______________________________
А.Көчкөнбаев - комиссиянын мүчөсү: ______________________________
М.Айтмурзаев- комиссиянын мүчөсү: ______________________________
А.Касымов- комиссиянын мүчөсү: ______________________________
Б.Джантаев- комиссиянын мүчөсү: ______________________________
Д.Өмүржанов- комиссиянын мүчөсү: ______________________________
Өткөрүп берди: «ДЕКО” муниципалдык ишканасынын директору: ______________ Б.Джантаев | Өткөрүп алды: «Ыңгайлуу шарт” муниципалдык ишканасынын директору: ___________ А.Касымов
|