Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXX сессиясы
2024-жыл 29-апрель №27
“Токтогул шаардык кеңешинин 25.03.2024-жылдагы №19 токтомуна
өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына, Токтогул шаардык кеңешинин Регламентине ылайык, шаардык кеңештин депутаттарынын сунуштарын угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXX сессиясы, токтом кылат:
- “Ишеним” саясий партиясынан депутат Арыкбаева Саламат Кулчороевна “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын курамына;
- “Ишеним” саясий партиясынан депутат Боркеева Айчүрөк Муратовна, “Тынчтык” саясий партиясынан депутат Кадыркулова Гулзат Шурубековна “Маданият, билим берүү, медицина, санитардык абал, экологияны коргоо, калктын социалдык абалы, даректүү жардам, коомдук уюмдар, жумушсуздук, мамлекеттик стандарт боюнча” туруктуу комиссиясынын курамына;
- “Ишеним” саясий партиясынан депутат Комумбай уулу Кубан, “Бирге-Вместе” саясий партиясынан депутат, төраганын орун басары кызматын өз арызынын негизинде токтоткон, Курбанов Мухиддин Кабылахунович “Өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттын компетенциясы, этикасы, коомдук тартипти сактоо, спорт, жаштар иштери, арыздар, каттар, боюнча” туруктуу комиссиясынын курамына кошулсун.
- “Өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттын компетенциясы, этикасы, коомдук тартипти сактоо, спорт, жаштар иштери, арыздар, каттар, боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымы Шатманалиева Чолпон Бугубаевна өзүнүн макулдугу менен бул туруктуу комиссиянын төрагасынын орун басары, Тойчубеков Урмат Кадырбекович аталган комиссиянын төрагасы болуп шайландыгы белгиленсин.
2. Туруктуу комиссиялардын иш пландарына ылайык иш алып баруу жогоруда аталган депутаттартарга милдеттендирилсин
3. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
4. Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоого алынсын жана www.toktogulgorkenesh.gov.kg веб- сайтына жайгаштырылсын (С.Наралиева).
Төрага:
| М.Т. Боргулов |