КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги X сессиясы
2022-жылдын 31-январы № 10\4
Кочкор айыл өкмөтүнүн салык кызматкерлери тарабынан чогултулуучу тазалык жыйымын токтотуу жөнүндө
Кочкор айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы, КР экономика жана финансы министрилигине караштуу мамлекеттик салык кызматынан келген 25.12.2021-жылдагы №036/03-14/2104 катынын негизинде, Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 24-главасынын 74-беренесине жана «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 39-беренесинин негизинде, токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелери жөнүндө Кодексинин 76-беренесинин негизинде, жеке жана юридикалык жактардан «Кочкор Тазалык» муниципалдык ишканасына тазалык жыйымы төлөнүп жатканы белгиленсин жана тазалык жыйымын чогултуу «Кочкор Тазалык» муниципалдык ишканасына тапшырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М.Исраиловго, Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүндөгү тазалык жыйымы боюнча пландалган планды алдыруу жана бул боюнча Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинин Кочкор райондук экономика жана каржы башкармалыгына кайрылуу иштерин алып баруу тапшырылсын.
3. Кочкор айылдык кеңешинин 28-декабрь 2010-жылдын «Калктуу пункттардын аймагына 2011-жылдын 1-январынан баштап жеке жактарга (үй чарбаларынан) ар бир адамга 25 (жыйырма беш)сомдон, юридикалык жактардын ар бир кызматкерине 25(жыйырма беш) сомдон алынуучу жыйындардын өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө» №85 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
Төрага | Э.Эшмукамбетов |