| Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин №10/5 токтому менен бекитилди
31-январь 2022-жыл |
Кочкор айылынын “ Ардактуу атуулу” наамын берүү тартиби жөнүндө
Жобо
I.Жалпы жоболор
1.1. Кочкор айылынын“Ардактуу атуулу” наамын берүү тартиби жөнүндө Жобо (мындан ары жобо) Кочкор айылынын “Ардактуу атуулу” наамын (мындан ары наам) берүүнүн тартибин аныктайт.
1.2. Кочкор айылынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу төмөнкү жол-жоболордун тутумун камтыйт:
- наамды ыйгаруунун шарттарын;
- талапкерлерге коюлуучу талаптар;
- талапкерлерди сунуштоо тартиби;
- Кочкор айылынын “Ардактуу атуулу” наамынын ээсине берилүүчү өзгөчө укуктар.
1.3. Кочкор айылынын “ Ардактуу атуулу” наамы,жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органынын эң жогорку наамы болуп саналат.
II. Кочкор айылынын “ Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруунун шарттары
2.1.Кочкор айылынын “ Ардактуу атуулу” наамына талапкерди жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (айылдык кеңеш,) жана айылдык мекеме-ишканалардын эмгек жамааттары коомдук саясий уюмдар сунуштайт.
2.2.Кочкор айылынын “Ардактуу атуулу” наамына сунушталган талапкерлердин документтери айылдык кеңеш тарабынан кабыл алынып, аны айылдык кеңештин айылдагы “Регламент,депутаттык этика,мандат,укук жана мыйзамдуулук” боюнча түзүлгөн туруктуу комиссиясынын кароосуна жөнөтөт.
2.3.Айылдык кеңештин алдындагы”Регламент,депутаттык этика мандат, укук жана мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясы өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын укуктук мыйзамдарынын жана ушул Жобонун негизинде жүргүзүп,Кочкор айылынын “Ардактуу атуулу” наамына ушул Жобонун талабына ылайык жооп берген талапкерлерди айылдык кеңештин сессиясына сунуштайт.
2.4.Кочкор айылынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу айылдык кеңештин сессиясындагы депутаттардын кароосуна коюлуп, депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушуна ээ болгондон кийин, Кочкор айылынын “Ардактуу атуулу” наамы берилет.
2.5.Кочкор айылдык кеңештин сессиясында, Кочкор айылынын “Ардактуу атуулу” наамына өтпөй калган талапкер учурдагы чакырылыштагы депутаттардын кароосуна кайра сунушталбайт.
2.6.Кочкор айылынын “Ардактуу атуулу” наамына жылына эки жолу, 21-март Нооруз жаз майрамына карата 5 адамга жана 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата 5 адамга, жалпы жылына 10 адамга чейин гана ыйгаруулуга тийиш жана Кочкор айылдык кеңешинин төрагасына өзгөчө учур катары 3 адамга аталган наамды ыйгарууга укук берилет.
2.7.Кочкор айылынын “ Ардактуу атуулу” наамына сунушталган талапкерлер айылдык кеңештин сессиясында ачык добуш берүү же талапкер өзү сессияга катышкан учурда депутаттардын сунушу менен жашыруун түрдө депутаттардан комиссия түзүлүп бюллетен даярдалып добуш берүү менен каралып ыйгарылышы мүмкүн.
2.8.Кочкор айылынын “Ардактуу атуулу” наамын алган инсанга атайын жазылган, Кочкор айылынын “ Ардактуу атуулу” күбөлүгү, төш белгиси айылдык кеңештин сессиясында, атайын жыйындарда жана эмгек жаматтарынын жалпы чогулуштарында тапшырылат.
2.9.Кочкор айылынын “Ардактуу атуулу” күбөлүгү, айылдык кеңештин төрагасы тарабынан күбөлөндүрүлөт.
III.Кочкор айылынын “Ардактуу атуулу” наамына талапкерлерге коюлуучу талаптар
3.1 Кочкор айылынын “Ардактуу атуулу” наамы Кочкор айылынын аймагында 15 жылдан кем эмес жашаган;
3.2.Кочкор айылынын “Ардактуу атуулу” наамы, бүтүндөй айылдын экономикалык-социялдык, маданий жана коомдун турмушуна өзгөчө салымын кошкон төмөндөгүдөй атуулга ыйгарылат:
- Мурдагы СССРдин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Кочкор айылынын өнүгүүсүнө салым кошкон;
- өзүнүн иштеген милдеттерин жана эл тарабынан жүктөлгөн милдеттерин аткарууда жогорку жоопкерчилик менен мамиле жасаган;
- өсүп келе жаткан муундарды окутууда жана тарбиялоодо өзгөчө натыйжаларга жетишкен;
- спорт тармагында өзгөчө натыйжага жетишкен спортсмендерге жана тренерлерине;
- калктын саламаттыгын сактоо тармагында көп жыл эмгектенип, өзгөчө натыйжаларды камсыз кылган;
- коомдук тартипти чындоодо өзүнүн жеке катышуусу менен өзгөчө салымын кошкон;
- айыл аймагынын коомдук-маданий жана элдик чыгармачылыкты өнүктүрүүгө өзгөчө жеке салымын кошкон;
- жогоруда саналган көрсөткүчтөр менен катар жергиликтүү коомдук пайдалуу эмгекте активдүү катышууда жана кайрымдуулук иштеринде өзүн көрсөткөн, жеке жана үй-бүлөдө, үйдө жана чарбачылыкта үлгү болоорлук деңгээлде күтө билген, жүрүш-турушу менен таанылган, коомго зарыл болгон өзгөчө тейлөөдө кызматтарын көрсөткөндөргө;
- сот жообуна тартылбаган жана соттуулугу алынган атуулдар.
3.3.Айылдык кеңештин чечими менен Кочкор айылынын “Ардактуу атуулу” наамы жашына жана стажысына карабастан эмгектеги коомдук турмуштагы өзгөчө каармандык иштери үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мүчөлөрүнө, ошондой эле айылдык экономикасын, маданиятын социялдык турмушун өнүктүрүүдө жана жаштарды тарбиялоодо өзгөчө эмгек сиңирип, ардактуу эс алууга чыккан ардагерлерге жана пенсионерлерге берилиши мүмкүн.
3.4.Айылга керектүү социялдык курулуштарды куруп, жана жумушчу орундарын түзгөн эл керектөөчү товарларды чыгарган, чет элдик инвестицияларды тартып, социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өзгөчө салым кошкон жеке ишкерлер, бизнесмендер, коомдук жана өкмөттүк эмес уюудардын өкүлдөрүнө.
3.5.Кочкор айылынын “Ардактуу атуулу” наамы айылдын аймагында төрөлүп, Кыргызстандын атуулу болгон, бирок жүйөлүү себептер менен айылдын аймагынан сырткары жерде жашап, бирок айылдын экономикалык-социалдык, маданий жактан өнүгүшүнө жеке өзүнүн көрүнүктүү салымын кошкон инсандарга берүүгө болот.
3.6.Төмөндөгү наамдарга бар инсандарга артыкчылык берилет:
- Ата Мекенге кызмат кылып Кыргыз Республикасынын чекараларын кайтарууда терордук уюмдарга жана башка баскынчыларга каршы көрсөткөн эрдиги же катышкан;
- Интернационалдык милдеттерди (Афган, Чернобыль, Баткен, Тажик аппаатынын катышуучулары) аткарып сыйлыкка ээ болгондор;
- Мурдагы СССРдин учурундагы жана азыркы мезгилдеги сиңирген эмгектери үчүн ордендердин жана медалдардын ээлерине;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынын ээлерине;
- Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмерлерине;
- Корнүктүү илимий даражалуу окмуштууларга;
- Мурдагы СССРдин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин депутаттары;
- Кочкор айылынын өсүп өнүгүшүнө салым кошкондор.
3.7.Кочкор айылынын “Ардактуу атуулу” наамына талапкерлерди сунуштоо тартиби:
· Талапкерлерди наамга көрсөткөн мекеменин жана жамааттын, саясий уюмдун, ишкананын сунушу, көчө жашоочулары, кварталныйлардын кайрылуусу;
· Өздүк баракчасы сүрөтү менен;
· Талапкерлердин өмүр баяны;
· Мамлекеттик сыйлыктарынын көчүрмөлөрү;
· Республикага, облуска айылга жана өзү жашаган аймакка сиңирген өзгөчө эмгектери тууралуу тастыктаган маалыматтар жана сыйлыктар (грамота);
· 3х4 формасындагы 2 даана сурөт;
· Паспорттун көчүрмөсү;
· Соттолбогондугу тууралуу справка же болбосо өмүр баянына соттолбогону тууралуу жазуу.
IV Кочкор айылынын “ Ардактуу атуулу” наамына ээ болгон инсандардын өзгөчө укуктары
4.1.Айылда өткөрүлгөн чогулуштардын ардактуу мейман катары чакыруу менен катышууга;
4.2.Айылдык мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кезексиз кабыл алынууга.
Кочкорайылдык төрагасы | Э.Эшмукамбетов |