Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 25-апрели № 2032-VII
Кыргыз Республикасындагы жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо жана алардын сапатын жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасында окуу китептеринин сапатын жана мазмунун жакшыртуу, республиканын жалпы билим берүү уюмдарынын окуу китептери менен камсыз болуу деңгээлин жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Абакиров Эльдар Курманбековичтин маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) токтом кабыл алынган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө окуу китептеринин сапатын, мазмунун, Мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык келишин жана республиканын жалпы билим берүү уюмдарынын окуу китептери менен камсыз болуу маселесин изилдеп-үйрөнүү жана тиешелүү ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу боюнча, курамына эксперттик коомчулукту тартуу менен, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, мамлекеттик органдардын, коомдук жана илимий уюмдардын өкүлдөрү, басып чыгаруучулар кирген ведомстволор аралык жумушчу топту түзсүн;
2) Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу китептерин басып чыгаруунун тартибин төмөнкү принциптерди эске алуу менен иштеп чыксын жана бекитсин:
- "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44-беренесине ылайык педагогикалык кызматкердин окуу китептерин тандоо укугун камсыз кылуу;
- ар бир предмет боюнча сунушталган (үчтөн кем эмес) альтернативдүү окуу китептерин берүү;
- окуу китептеринин Мамлекеттик билим берүү стандартына шайкештиги;
- окуу китептери менен камсыздоо жана анын сапаты тууралуу маселелер боюнча эл аралык мыкты тажрыйбаны колдонуу;
3) окуу китептерин иштеп чыгуу, экспертизалоо жана басып чыгаруу боюнча типтүү жобону иштеп чыгуу жана бекитүү;
4) жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын окуу адабияттарына эркин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында басылып чыккан адабияттарды интернет тармагына жайгаштыруу;
5) окуу адабияттарынын авторлору үчүн квалификацияны жогорулатуу курстарын уюштуруу;
6) жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу адабияттарынын мамлекеттик тизмегин бекитүү;
7) окуу жылы башталганга чейин үч ай мурда окуу адабияттарынын мамлекеттик тизмегин жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоо системасын туруктуу негизде киргизүү.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топ ушул токтомдо көрсөтүлгөн милдеттердин аткарылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине квартал сайын маалымдап турсун.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| Н.А. Азыгалиев |