Сравнение редакций…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-майындагы № 220 токтомуна) |
Кесиптик башталгыч билим берүү уюмунун ТИПТҮҮ УСТАВЫ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кесиптик башталгыч билим берүү уюмунун ушул типтүү уставы (мындан ары - Типтүү устав) "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18, 19, 30-беренелерине ылайык иштелип чыккан жана башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарынын окуу, тарбиялык, методикалык жана өндүрүштүк ишин уюштуруу тартибин аныктайт.
2. Бул Типтүү устав менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан, кесиптик башталгыч билим берүүнүн бардык билим берүү уюмдарына жайылтылат.
3. Кесиптик башталгыч билим берүү уюму кесиптик башталгыч билим берүүнүн программалары боюнча квалификациялык эмгектин кызматкерлерин даярдоону, квалификациясын жогорулатууну жана кайра даярдоону жүзөгө ашырат.
4. Кесиптик башталгыч билим берүү уюму өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, ошондой эле ушул Типтүү уставдын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде жүзөгө ашырат.
5. Кесиптик башталгыч билим берүү уюму өз алдынча юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы жазылган мөөрү, өз алдынча балансы, жүгүртүү каражаттары болот.
6. Кесиптик башталгыч билим берүү уюмунун иши үчүн негиз болуп билим берүү ишин жүргүзүү укугуна лицензиянын болушу саналат.
7. Кесиптик башталгыч билим берүү уюмунун иши, функциялары, башка уюмдар, мекемелер жана ишканалар менен өз ара мамилелери, финансылык-чарбалык ишинин өзгөчөлүктөрү анын уюштуруучусу тарабынан бекитилүүчү уставда аныкталат.
8. Түзөтүү мекемелери жана кесиптик окуу жайлары квалификациялуу жумушчу кадрларды даярдоону соттолгондорго кесиптик билим берүү жөнүндө келишимдин негизинде жүргүзөт.
2-глава. Кесиптик башталгыч билим берүү уюмунун милдеттери
9. Кесиптик башталгыч билим берүү билим берүү уюмунун негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) квалификациялуу жумушчуларды, кызматчыларды жана ишкерлерди эмгек рыногунун талаптарына, ошондой эле ишканалардын, мекемелердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муктаждыктарына жана өтүнмөлөрүнө ылайык даярдоо;
2) түзөтүү мекемелеринде кармалган соттолгондорду эмгек рыногунун талаптарына ылайык кесиптер жана адистиктер боюнча кесиптик даярдоо жана өндүрүштүк квалификациясын жогорулатуу;
3) кесиптик башталгыч билим берүүнүн мамлекеттик стандарттарын ишке ашыруу;
4) социалдык планда аз корголгон топтордун өкүлдөрүнө (жетимдерге, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга, аз камсыз болгон жана көп балалуу үй-бүлөлөрдөгү адамдарга, качкындарга, жумушсуздарга) билим берүү кызматтарын көрсөтүү;
5) үзгүлтүксүз кесиптик даярдоону, анын ичинде жумуш ордунда окутууну жүзөгө ашыруу үчүн шарттарды түзүү;
6) тигил же бул кесип боюнча даярдоонун талаптарына ылайык кесиптик окутууну уюштуруу үчүн оптималдуу шарттарды түзүү;
7) билим берүү уюмунун окуу-өндүрүштүк комплексинин, окуу-өндүрүштүк устаканаларынын жана окуу чарбаларынын базасында туруктуу жана кошумча убактылуу жумуш орундарын түзүү;
8) жаңы технологияларды, педагогикалык илимдин жетишкендиктерин жана алдынкы тажрыйбаны киргизүүнүн эсебинен жумушчуларды даярдоонун сапатын жогорулатуу;
9) кесиптик билим берүүнү окуу жана методикалык камсыздоону, анын ичинде окутуунун техникалык каражаттарын дайыма толуктап туруу жана жаңылоо;
10) кесиптик багыт берүүгө, коомдук пайдалуу эмгекке аң-сезимдүү мамиле жасоого тарбиялоого катышуу.
3-глава. Кесиптик башталгыч билим берүү уюмунун окуу жана тарбия ишин уюштуруу
10. Кесиптик башталгыч билим берүү уюмунда билим алуучуларды даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү Кесиптик башталгыч билим берүүнүн кесиптеринин жана адистиктеринин тизмесине ылайык кесиптер (адистиктер) боюнча жүргүзүлөт. Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдары жаңы кесиптер (адистиктер) боюнча, анын ичинде билим берүү уюму үчүн профилдик эмес кесиптер боюнча аталган кесип (адистик) боюнча институттук жана/же программалык аккредитациядан өткөн шартта окутууну уюштурууга укуктуу.
11. Кесиптер боюнча даярдоону, кайра даярдоону жана квалификацияны жогорулатууну уюштуруу үчүн кесиптик башталгыч билим берүү уюмунда билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген, гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүлгөн типтүү окуу планын камтыган окуу-пландоочу документтердин топтому, ошондой эле предметтер боюнча программалардын топтому болууга тийиш. Кесиптик башталгыч билим берүү уюму өзүнүн ишинин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен учурдагы окуу жылына жумушчу окуу планын жана зарыл болгон окуу программаларын иштеп чыгат, алар билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын облустук (шаардык) методикалык органы тарабынан бекитилет.
12. Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарында окуу жылы 1-сентябрда башталат жана 30-июнда аяктайт. Билим алуучуларды окуу учурунда сабактардан окуу процессине байланышпаган иштерге алаксытууга тыюу салынат.
13. Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарында окутуунун негизги тилдери мамлекеттик жана расмий тилдер болуп саналат, ошол эле учурда окутуу каалаган башка тилде жүргүзүлүшү мүмкүн. Башталгыч кесиптик билим берүү системасы билим алуучуларга окутуу тилин тандоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат. Бардык билим берүү уюмдарында кыргыз, орус жана чет тилдеринин бирин үйрөнүү милдеттүү болуп саналат жана билим берүү стандарттары менен регламенттелет.
14. Күндүзгү окуу топторунун саны 25 адамдан кем болбошу керек. Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн топтордо чет тилдерди, орус тилин, окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн топтордо кыргыз тилин үйрөнүүдө топтор эки чакан топко бөлүнөт. Дене тарбия сабактары бир жыныстагы 8ден кем эмес адам болсо, эркек балдар жана кыздар үчүн өзүнчө өткөрүлөт.
15. Бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен каржылануучу топтордо билим алуучулардын саны окутуу келишимине ылайык аныкталат.
16. Минималдуу жүктөмгө, теориялык жана өндүрүштүк окутуунун катышына, практиканын узактыгына, экзамендик сессияларга, каникулга, окуу жылын аяктоо жана экзамендерди өткөрүү тартибине карата талаптар саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунуштарына ылайык билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
17. Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарында окутуу квалификациялык экзамендер менен аяктайт, аларды өткөрүү үчүн иш берүүчүлөрдүн же окуу профили боюнча ассоциациянын өкүлүнүн (экзамендик комиссиянын төрагасы), окутуучулардын, өндүрүштүк окутуу устаттарынын катышуусу менен экзамендик комиссиялар түзүлөт. Зарыл учурларда экзамендик комиссиянын курамына кызыкдар уюмдардын өкүлдөрү киргизилет.
18. Кесиптик башталгыч билим берүү программалары боюнча окууну аяктаган жана жыйынтыктоочу аттестациядан өткөн адамдарга тиешелүү билим деңгээли жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документтер берилет.
19. Кесиптик башталгыч билим берүү программасын өздөштүргөн адамдарга квалификациялык сертификат берилет. Окуунун жыйынтыгы боюнча кесиптик циклдин предметтери боюнча теорияны мыкты билгендигин көрсөткөн, квалификациялык экзаменди эң жакшы тапшырган жана жогорку разрядды алган бүтүрүүчүлөргө артыкчылык менен квалификациялык сертификат берилет.
20. Жалпы орто жана кесиптик башталгыч билим берүүнүн интеграцияланган программасын өздөштүргөн адамдарга жалпы орто билими жөнүндө аттестат берилет.
21.Кыска мөөнөттүү кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу программаларын өздөштүргөн адамдарга сертификат берилет.
22. Объекттерде же транспорт каражаттарында иштөөгө уруксат берүү үчүн атайын уюмдардын жана ведомстволордун көзөмөлүндө турган объекттерде иштөө менен байланышкан кесиптер боюнча билим берүү программаларын өздөштүргөн адамдарга күбөлүк берилет. Күбөлүк квалификациялык сертификат менен кошо же өзүнчө берилиши мүмкүн.
23. Кесиптик башталгыч билим берүү программалары баскычтар боюнча түзүлүшү мүмкүн. Ар бир баскычты аяктагандан кийин бүтүрүү экзамени каралышы керек, анын жыйынтыгы боюнча билим алуучу окуу мезгилинде жетишкен квалификацияга ээ болот. Окуу жайын мөөнөтүнөн мурда аяктаган учурда билим алуучу мамлекеттик үлгүдөгү документти алууга укуктуу.
Мамлекеттик үлгүдөгү документ билим алуучу жүйөлүү себептер менен толук окуу курсун бүтүрбөгөн, бирок 1 жылдан кем эмес окуган жана биринчи баскычтагы окуу программаларын өздөштүргөн учурларда да берилет. Башка учурда окугандыгы жөнүндө маалымкат берилет.
24. Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдары билим алуучу жаштарды адеп-ахлактык, эстетикалык, укуктук, дене-бой, аскердик-патриоттук тарбиялоо жаатындагы ишти өркүндөтүү боюнча ишти уюштурат, билим алуучулар арасында укук бузууларды алдын алуу боюнча укук коргоо органдары менен жана билим алуучулардын сергек жашоо мүнөзүн камсыз кылуу боюнча саламаттык сактоо органдары менен биргелешкен иштерди жүргүзөт.
25. Билим алуучулардын чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүү, башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарында эс алууну уюштуруу максатында кызыкчылыктар боюнча клубдардын, спорттук секциялардын, факультативдердин ж.б. иштери уюштурулат.
26. Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдары ченемдик документтерге ылайык эрезеге жеткен калкты, ошондой эле жумушсуз жарандарды иш менен камсыз кылуу кызматтарынын жолдомолору боюнча эмгек рыногунда суроо-талапка ээ болгон кесиптер боюнча окутууну уюштурат.
27. Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдары өздөрүнүн ишин өркүндөтүүгө багытталган эл аралык долбоорлорду ишке ашырууга катышат.
28. Кесиптик лицейде жалпы орто жана башталгыч кесиптик билим берүүнүн интеграцияланган программасын өздөштүргөн билим алуучуларга жалпы орто билими жөнүндө аттестат берилет.
29. Жалпы орто билим берүү курсу үчүн жалпы билим берүү программаларын "эң жакшы" (бардык жалпы билим берүү предметтери боюнча үч жыл ичинде бардык жыйынтыктоочу баалар "5" болушу керек) өздөштүргөн жана бүтүрүүчү экзамендерди "эң жакшы" деген баага тапшырган билим алуучуларга Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын колдонуудагы нускамалык документтерине ылайык артыкчылык менен аттестат берилет.
30. Кесиптик окуу жайларды аяктаган жана квалификациялык экзамендерди тапшырган билим алуучуларга өндүрүштүк квалификация ыйгарылат жана мамлекеттик үлгүдөгү сертификат берилет.
Бүтүрүүчү квалификациялык экзамендерге киргизилбеген же аларды тапшырбаган билим алуучуларга мамлекеттик үлгүдөгү маалымкат берилет. Бүтүрүүчү квалификациялык экзамендерди кайталап тапшырууга 6 айдан эрте эмес убакытта уруксат берилет.
Билим алуучулардын кесиптик окуу жайын аяктагандыгы жөнүндө документтери түзөтүү мекемелеринин атайын бөлүгүнө тапшырылат, соттолгондордун өздүк делолорунда сакталат жана эркиндигинен ажыратуу жайларынан бошотууда же мөөнөтүнөн мурда бошотууда алардын колуна кол койдуруу менен берилет.
Билим алуучулар башка түзөтүү мекемелерине которулган учурда соттолгон адам чыгып кеткен түзөтүү мекемесинин администрациясы которулган жери боюнча кесиптик окуу жайларына аяктагандыгы жөнүндө документ жиберет.
4-глава. Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарында өндүрүштүк ишти уюштуруу
31. Өндүрүштүк ишти өркүндөтүү жана кеңейтүү, ошондой эле материалдык-техникалык базаны натыйжалуу пайдалануу максатында кесиптик башталгыч билим берүү уюму:
1) өндүрүштүн көлөмүн, буюмдардын номенклатурасын жана ассортиментин, акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрүн кеңейтүүнү камсыз кылат;
2) өндүрүштүк иштин план-божомолунун аткарылышын камсыз кылат;
3) жаңы жана иштеп жаткан окуу-өндүрүштүк устаканаларды, участкаларды, жумуш орундарын түзүү жолу менен окуу-өндүрүштүк аянттарды сарамжалдуу пайдаланууну уюштурат;
4) материалдарды, сырьену, комплекттөөчү материалдарды сатып алууга, курулмаларды курууга көмөк көрсөтүү максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана айыл чарба секторунун жетекчилери менен байланыш түзөт; .
5) материалдык-техникалык базаны жаңылоо жана толуктоо боюнча иштерди жүргүзөт;
6) чыгарылган продукциянын сапатын жогорулатат;
7) айыл чарба техникасынын, транспорт каражаттарынын жана жабдуулардын сакталышын камсыз кылат;
8) эскирген материалдык-техникалык каражаттарды эсептен чыгарууну Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүргүзөт.
32. Өндүрүштүк жана теориялык окутуудан өтүү үчүн билим алуучулар кесиптер боюнча саны 20-25 адамдан турган окуу топторуна биригет. Айрым окуу топтору материалдык-техникалык базанын болушуна жана абалына жараша өндүрүштүк окутуу үчүн 12-15 адамдан бирок 6 адамдан аз эмес санда комплекттелет. Окуу топтору жаш курагын чектебестен, салыштырмалуу билим деңгээли бирдей болгон адамдардан түзүлөт.
Жатак-абактарга, тарбия абактарына караштуу кесиптик окуу жайлардын филиалдарында окутуу мөөнөтү 5 ай деп белгиленет жана топтордун саны 12-15 адамды түзөт.
5-глава. Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарында методикалык иштерди уюштуруу
33. Инженердик-педагогикалык кызматкерлерге методикалык жардам көрсөтүү, алардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу үчүн башталгыч кесиптик билим берүү уюму:
1) методикалык иштин бардык формаларын уюштурат: методикалык (предметтик) комиссиялар, семинар-практикумдар, алдынкы тажрыйба мектептери, педагогикалык окуулар, ошондой эле инженердик-педагогикалык кызматкерлер менен индивидуалдуу-методикалык иштер;
2) билим алуучуларды окутуунун жана тарбиялоонун сапатын жакшыртууда, окуу-тарбиялоо процессин өркүндөтүүдө, инженердик-педагогикалык кызматкерлердин педагогикалык чеберчилигин жогорулатууда жана педагогикалык чыгармачылыкты өнүктүрүүдө окутуучуларга жана өндүрүштүк окутуу устаттарына методикалык жардам көрсөтөт;
3) окуу жайдын окуу-тарбиялык жана методикалык иштеринин абалын изилдейт, билим алуучулардын билиминин, жөндөмүнүн жана көндүмдөрүнүн сапатын, текшерүү жана контролдоо иштеринин, экзамендердин натыйжаларын талдайт жана окутуунун, тарбиялоонун, педагогикалык эмгекти илимий уюштуруунун натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатууда инженердик-педагогикалык кызматкерлерге жардам көрсөтөт;
4) окуу жайынын инженердик-педагогикалык кызматкерлеринин билим алуучуларды окутуунун жана тарбиялоонун натыйжалуу формаларын жана методдорун, көрсөтмө куралдарды жана окутуунун заманбап техникалык каражаттарын колдонуу боюнча ишин изилдейт, жалпылайт жана алдынкы тажрыйбаны практикага киргизүүгө жардам берет;
5) билим берүү программаларын комплекстүү методикалык камсыздоо, окуу кабинеттерин, устаканаларды, лабораторияларды жабдууну өркүндөтүү, ошондой эле методикалык материалдарды, көрсөтмө куралдарды, методикалык иштелмелерди даярдоо боюнча иштерди уюштурат;
6) жумушчу окуу пландарын жана программаларды, анын ичинде иш менен камсыз кылуу кызматтарынын жолдомосу боюнча эрезеге жеткен калкты жана жумушсуз жарандарды окутуу үчүн жумушчу окуу пландарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарында окутулуучу кесиптердин тизмесине киргизилбеген кесиптер боюнча программаларды иштеп чыгат.
6-глава. Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарынын билим алуучулары
34. Билим алуучуларды комплекттөө жоопкерчилиги кесиптик башталгыч билим берүү уюмунун директоруна жүктөлөт.
35. Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарына билим алуучуларды кабыл алуу http://2020.edu.gov.kg сайтында "Абитуриент Online" автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу онлайн тапшыруунун жыйынтыгы боюнча абитуриенттердин жеке арыздарынын жана жалпы билим берүүнүн белгилүү бир баскычын аяктагандыгы жөнүндө документтердин негизинде директордун буйругу менен жүргүзүлөт.
36. Кесиптик окуу жайларга билим алуучуларды кабыл алуу түзөтүү мекемесинин жетекчилиги менен макулдашылган соттолгон адамдардын жеке арыздарынын негизинде кесиптик окуу жайдын директорунун буйругу менен жүргүзүлөт.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү соттолгон адамдар, пенсия курагына жеткен эркектер жана аялдар өз каалоосу боюнча тиешелүү кесиптик даярдыктан өтө алат.
Кесиптик окуу жай түзөтүү мекемелеринин администрациясы менен биргеликте кесиптер боюнча окуу топторун түзөт.
37. Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарына тапшырып жаткан абитуриенттер ден соолугунун абалы боюнча тандап алган кесиби боюнча иштөөгө жарамдуулугун аныктоо предметине медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүүгө тийиш.
38. Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарынын билим алуучулары белгиленген тартипте стипендия, жатакана, ал эми 2-3 жыл окуган билим алуучулар - башталгыч кесиптик билим берүү уюмдары үчүн аныкталган ченемдер боюнча тамак-аш менен камсыз кылынат.
39. Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарынын билим алуучулары сабактарга катышууга, окуп жаткан адистиги боюнча билимге жана өндүрүштүк көндүмдөргө тырышчаактык жана туруктуулугу менен ээ болууга, тартиптүү болууга, жүрүм-турум эрежелерин жана коопсуздук техникасын так сактоого, жетекчилердин, устаттардын жана окутуучулардын талаптарын аткарууга, ишканада активдүү өндүрүштүк кызматкер болууга милдеттүү.
40. Билим алуучулар сабакты үзгүлтүккө учуратуучу мөөнөтүнөн ашык жумуштарды аткарууга тартылышы жана бүтүндөй окуу мезгилинин ичинде башка бөлүмдөргө которулушу мүмкүн эмес. Өзгөчө зарыл болгон учурда республиканын чегинде билим алуучуларды которууга билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан уруксат берилиши мүмкүн.
41. Окуу сабактарын жүйөлүү себептерсиз дайыма калтырган, адистикке ээ болуудан качкан, ошондой эле башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарынын ички тартип эрежелерин бузган билим алуучулар аларга карата коомдук жана тартиптик таасир этүүнүн бардык чаралары колдонулгандан кийин педагогикалык кеңештин чечими боюнча башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарынан чыгарылат.
42. Окуу процессинин натыйжалуулугун, сабактарга катышууну жакшыртуу максатында кесиптик окуу жайдын билим алуучулары түзөтүү мекемелеринин администрациялары тарабынан оперативдүү же медициналык көрсөткүчтөр менен байланышкан учурлардан тышкары, окуу жылынын ичинде мөөнөтүнөн ашык жумуштарды аткарууга тартылышы жана башка түзөтүү мекемелерине которулушу мүмкүн эмес.
Билим алуучулар ушул сыяктуу кесиптик окуу жайлары иштеген башка түзөтүү мекемелерине которулган учурда, билим алуучулар чыгып кеткен кесиптик окуу жайынын администрациясы ошол кесип боюнча окуусун аяктоо үчүн аларды которууну ишке ашырат.
7-глава. Кесиптик башталгыч билим берүү уюмунун жетекчилиги
43. Кесиптик башталгыч билим берүүнүн уюмунун ишин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте ыйгарым укуктуу орган тарабынан дайындалуучу жана ээлеген кызмат ордунан бошотулуучу директор жетектейт.
44. Кесиптик башталгыч билим берүү уюмунун директору бардык категориядагы билим алуучуларды даярдоонун, кайра даярдоонун сапаты, материалдык-техникалык базанын сакталышы жана толукталышы, мамлекеттик каражаттардын максаттуу чыгымдалышы үчүн толук жоопкерчилик тартат, инженердик-педагогикалык жамааттын иши үчүн оптималдуу шарттарды түзөт, инженердик-педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын 5 жылда бир жолудан кем эмес жогорулатууну камсыз кылат.
45. Окуу-тарбиялык жана өндүрүштүк процесстерди уюштурууга карата талаптардын аткарылышын камсыз кылуу, башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарында инженердик-педагогикалык кадрлардын квалификациясынын деңгээлин жогорулатуу максатында педагогикалык кеңештер иш алып барат, ошондой эле методикалык комиссиялар, көзөмөлчүлүк кеңештери түзүлөт, алардын иштөө тартиби тиешелүү ченемдик документтер менен аныкталат.
46. Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарынын жетекчилери жана педагогикалык кызматкерлери аттестациядан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте өтөт.
47. Түзөтүү мекемесинин алдындагы кесиптик окуу жайынын филиалдарынын ишине кесиптик окуу жайдын директору тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу башчы жетекчилик кылат.
8-глава. Кесиптик башталгыч билим берүү уюмун каржылоо
48. Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарын каржылоонун негизги булагы болуп республикалык бюджет жана атайын каражаттар саналат.
49. Каржылоонун кошумча булактары төмөнкүлөр болушу мүмкүн:
1) мамлекеттик жана муниципалдык акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн каражаттар;
2) демөөрчүлүк жардамдын жана ыктыярдуу төлөмдөрдүн каражаттары;
3) көзөмөлчүлүк төлөмдөр;
4) кайрымдуулук же гранттык жардамдын каражаттары;
5) биргелешкен илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн эл аралык институттардын каражаттары;
6) өздүк өндүрүштөгү товарларды сатуудан түшкөн каражаттар;
7) бюджеттик кредиттерди жоюунун эсебинен республикалык бюджетке кайтарылган каражаттар;
8) билим берүү, окуу-өндүрүштүк иштен түшкөн кирешелер;
9) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу башка каражаттар.
50. Контракттык окутуу үчүн акынын өлчөмү ар бир окуу жылына окуу жайдын жетекчиси тарабынан тиешелүү мамлекеттик органдар менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте макулдашуу боюнча бекитилүүчү чыгымдар сметасында аныкталат.
Окутуунун сметалык наркы окуу, тарбия жана илимий процесстерди жүргүзүүгө жана маалыматтык камсыздоого, окуу жайды учурдагы кармоого, эмгек акы төлөөгө каражаттарды түзүүгө, материалдык-техникалык базаны өнүктүрүүгө жана кызматкерлерди материалдык жактан стимулдаштырууга, билим алуучуларды социалдык колдоого чыгымдарды камтууга тийиш.
51. Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдары материалдык, эмгектик жана финансылык ресурстарды үнөмдүү жана максатка ылайык чыгымдоону, кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн колдонуудагы жоболорун жана шарттарын туура колдонууну жана мамлекеттик менчиктин сакталышын камсыз кылат, билим алуучуларды кабыл алуунун жана бүтүрүп чыгаруунун план-божомолун жана окуу жайларды кармоого карата чыгымдар сметасын аткарат, бухгалтердик жана статистикалык отчетторду түзөт жана өз убагында берет.
9-глава. Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарын кайра уюштуруу жана жоюу
52. Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарын кайра уюштуруу жана жоюу "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык жүзөгө ашырылат.
53. Мамлекеттик кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарынын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы саналат.
54. Кесиптик башталгыч билим берүүнүн мамлекеттик эмес билим берүү уюмдары Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген тартипте кайра уюштурулат жана жоюлат.
Юридикалык жана/же жеке жактар, анын ичинде чет өлкөлүктөр мамлекеттик эмес башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарынын уюштуруучулары боло алат.
55. Билим берүү уюму жоюлган учурда документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-майындагы № 220 токтомуна) |
Кесиптик башталгыч билим берүү уюмунун ТИПТҮҮ УСТАВЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-февралындагы № 108 токтомунун редакциясына ылайык)

44. Кесиптик башталгыч билим берүүнүн билим берүү уюмунун директору бардык категориядагы билим алуучуларды даярдоонун, кайра даярдоонун сапаты, Кыргыз Республикасынын билим берүү жөнүндө мыйзамдарында каралган билим берүү процессинин убагында билим алуучулардын жана кызматкерлердин укуктарын жана эркиндиктерин сактоо, материалдык-техникалык базаны сактоо жана толуктоо, мамлекеттик каражаттарды максаттуу чыгымдоо, инженердик-педагогикалык жамааттын иши үчүн оптималдуу шарттарды түзүү, инженердик-педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууну 5 жылда бир жолудан кем эмес камсыз кылуу үчүн толук жоопкерчилик тартат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-февралындагы № 108 токтомунун редакциясына ылайык)
44-1. Кесиптик башталгыч билим берүүнүн билим берүү уюму Кыргыз Республикасынын билим берүү жөнүндө мыйзамдарында каралган билим алуучулардын укуктарын жана эркиндиктерин, анын ичинде кесиптик башталгыч билим алууга, коопсуз жана басмырлоосуз окутуу шарттарына, окутуунун тилин тандоого, ошондой эле физикалык жана психологиялык зомбулуктун бардык формаларынан жана адамдын кадыр-баркын басмырлоодон коргоого болгон укугун камсыз кылууга милдеттүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-февралындагы № 108 токтомунун редакциясына ылайык)
44-2. Педагогикалык кызматкерлер, кесиптик башталгыч билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын жетекчилери кесиптик башталгыч билим алуу укугун жана Кыргыз Республикасынын билим берүү жөнүндө мыйзамдарында каралган билим алуучулардын укуктарын жана эркиндиктерин бузгандыгы же мыйзамсыз чектегендеги үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.