Редакцияот 17.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жаңы-Арык айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын II-кезексиз сессиясы

2021-жылдын 17-августу №4/1

Жаны-Арык айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы кабыл алынган бюджетинин 2020-жылдагы кирешеден ашкан суммадан бөлүнгөн каражаттарды башка беренелерге жылдыруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жетекчиликке алып, көмүр отунун алуу каражатын чечип берүү жөнүндө Т.Карымшаковдун маалыматын угуп, айылдык кенештин билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Жаны-Арык айылдык кеңеши, токтом кылат:

 

1.  Жаны-Арык айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы кабыл алынган бюджетинин 2020-жылдагы кирешеден ашкан суммадан бөлүнгөн каражаттын ичинен төмөндөгүдөй жылдырылсын:

 

 

  1)  АУПтун 22221100 беренеси боюнча купкага мал камоочу короо салууга бөлүнгөн акча каражатынан 18273 сом, көмүр отунун алуу үчүн 22241100 беренесине жылдырылсын;

 

  2)  АУПтун 22154300 беренеси боюнча 1С программасын колдоо үчүн бөлүнгөн 36000 сомдун калган 10000 сому, айыл өкмөтүнүн имаратын ондоп-түзөө үчүн 22152900 беренесине жылдырылсын.

 

 

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаны-Арык айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Карымшаковго жана айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Түгөлбековго милдеттендирилсин.

 

Төрайым:

М.Акматалиева