ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Ленин айылдык кеңешинин VII-чакырылышын кезексиз ХXIV–сессия
2023-жылдын 27-октябры № 4
Муниципиалдык менчике кабыл алуу жөнүндө
Ленин айыл өкмөтүнүн Ленин айылындагы К.Маматов көчөсүндөгү 457,3м2 га сотих короо жай жер аянтты “КАДАСТР” мамлекеттик мекемесинде каттоого кирбей калгандыгына байланыштуу жалпы жер маселеси боюнча түзүлгөн комиссия курамынын отурумунда каралып чыгып ,берилген сунуштун негизинде токтом кылат:
1. Ленин айылындагы К.Маматов көчөсүндөгү 457,3м2 га сотих короо жай жер аянтты айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алынсын.
2. Токтомду аткаруу жана тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Мурзакановго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жалпы жер маселеси боюнча түзүлгөн комиссияга жүктөлсүн .
4. Токтом расмий сайтка жарыялангандан кийин жана юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Н.Калмуратов |