Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Арык айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын III-кезектеги сессиясы
2021-жылдын 15-ноябры №5/1
Жаны-Арык айыл аймагынын аксакалдар сотунун курамын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Аксакалдар соттору жөнүндө» Мыйзамынын 11-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып жана айыл тургундарынын жыйындарынын протоколдорун карап, Жаны-Арык айылдык кеңеши, токтом кылат:
1. Жаны-Арык айыл аймагынын аксакалдар сотунун мурдагы курамынын мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу, айыл тургундарынын чогулуштарынын протоколдоруна ылайык, Жаны-Арык аксакалдар сотунун жаңы курамы төмөндөгүдөй курамда бекитилсин:
1) Макеев Сталбек Акматович
2) Жунушов Темирболот Идрисович
3) Эсеналиев Жолдошбек Моконович
4) Жумабеков Төлөбек
5) Асанова Гүлкайыр Кадыралиевна
6) Муканбетова Калыйбүбү
7) Жакшылыков Карыбек Дүйшеевич
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаны-Арык айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Карымшаковго милдеттендирилсин.
Төрайым: | М.Акматалиева |