ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Ленин айылдык кеңешинин VII-чакырылышын кезексиз ХXIV–сессия
2023-жылдын 27-октябры № 6
Үлүш жерге жеңил курулушка уруксат берүү жөнүндө
Жыгач-Коргон айылынын тургуну, “Интенсивдүү багбанчылык kg”коомдук бирикмесинин башкармалыгынын башчысы Нарматов Уландын үй-бүлөсунө тиешелүү 4 га үлүш жеринин 169,8 чарчы метр жер аянтына жеңил конструкциядагы электрщитине, насостук жана филтирлөө станциясына бөлмө , контейнер, ошондой эле айыл чарба техникасын , шаймандарын жайгаштырууга чатыр (навес) куруу үчүн жазган арызын жалпы жер маселеси боюнчча түзүлгөн комиссия курамынын отурумунда каралып берген сунушунун негизинде токтом кылат:
- Жыгач-Коргон айылынын “Интенсивдүү багбанчылык kg”коомдук бирикмесинин башкармалыгынын башчысы Нарматов Уландын үй-бүлөсунө тиешелүү 4 га үлүш жеринин 169,8 чарчы метр жер аянтына электрщит, насостук жана филтирлөө станциясына бөлмө , контейнер, ошондой эле айыл чарба техникасын , шаймандарын жайгаштырууга жеңил конструкциядагы курулуш курууга уруксат берилсин.
- Токтомду аткаруу жана тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Мурзакановго милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жалпы жер маселеси боюнча түзүлгөн комиссияга жүктөлсүн .
- Токтом расмий сайтка жарыялангандан кийин жана юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Н.Калмуратов |