Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 8-майы № 223
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-июнундагы № 402 "Кайрылман статусун берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 8-статьяларына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-июнундагы № 402 "Кайрылман статусун берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кайрылман статусун берүү тартиби жөнүндө жободо:
- 3-пункттун экинчи-төртүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"кайрылман - туруктуу жашоо үчүн Кыргыз Республикасына көчүп келүүнү каалаган (көчүп келген) жана кайрылман статусун алган чет өлкөлүк жаран (жарандыгы жок адам) болуп саналган этностук кыргыз;
кайрылман статусу - этностук кыргыз болуп саналган чет өлкөлүк жарандын (жарандыгы жок адамдын) белгиленген үлгүдөгү документ менен ырасталуучу убактылуу социалдык жана укуктук статусу;
этностук кыргыз - чет өлкөлүк жаран (жарандыгы жок адам) болуп саналган кыргыз улутундагы адам;";
- 8-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он тогузунчу-жыйырманчы абзацтар менен толукталсын:
"Арыз берүүчү сканерленген документтерди миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий электрондук дарегине жиберүүгө укуктуу. Документтер ыйгарым укуктуу өкүл аркылуу берилген же электрондук дарекке жөнөтүлгөн учурда, өтүнүчкө кол койгон адамдын кол тамгасынын аныктыгы жана өтүнмөгө тиркелген документтин көчүрмөсүнүн анын түп нускасына шайкештиги нотариалдык жактан күбөлөндүрүлөт.
Этностук кыргыздар Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө же консулдук мекемесине кайрылман статусун берүү тууралуу кайрылганда мамлекеттик алымдарды жана консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттарды төлөөдөн бошотулат.";
- 15-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Кайрылман ырастамасы кайрылман деп таанылган адамдын социалдык жана укуктук статусун ырастоочу, Кыргыз Республикасында жүргөн жери боюнча каттоого туруу жана мамлекеттик кепилдиктерди алуу үчүн негиз болуп саналган инсандыгын күбөлөндүрүүчү документ болуп саналат.";
- 28-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"28. Ырастаманы алмаштыруу, калыбына келтирүү, баш тартуу, жокко чыгаруу жана жараксыз деп таануу жөнүндө чечимдер комиссия тарабынан кабыл алынат.
Кайрылман статусун токтотуу жөнүндө кабарлоо себептерин, даттануу мөөнөттөрүн жана тартибин көрсөтүү менен чечим кабыл алынган күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде адамдын жеке өзүнө (ыйгарым укуктуу өкүлүнө) тапшырылат же миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан анын катталган же иш жүзүндө жашаган жери боюнча жөнөтүлөт.
Адамга кайрылман статусун берүүдөн баш тартууда баш тартуунун себептерин жана кабыл алынган чечимге даттануу тартибин көрсөтүү менен чечим арыз берүүчүнүн жеке өзүнө (ыйгарым укуктуу өкүлүнө) чечим кабыл алынган күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде тапшырылат же андан ары арыз берүүчүгө жөнөтүү үчүн өтүнмө берилген жер боюнча жөнөтүлөт.
Кайрылман статусун токтотуу жана кайрылман статусун берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимдер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө сотко даттанылышы мүмкүн.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 14-майындагы № 36 (3589) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |