Загрузка документа…
ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Булак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясы
2024-жыл 25-январы №13
“Таш-Булак айыл өкмөтүнүн Ынтымак айылынын Эски Арал участкасындагы Көк-Арт дарыясынын күн батыш тарабында жайгашкан “Байэл Премиум” ишканасынын жер аянтынын багытын өзгөртүп берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 11-беренесинин талабына ылайык, Кыргыз Республикасынын жерлерин трансформациялоо боюнча 15.07.2013-жылдагы №145-редакцияланган мыйзамынын 1-беренесинин 5,18-пункттарын жетекчиликке алып, “Байэл Премиум” ишканасынын директору Б.Адыловдун 2024-жылдын 11-январындагы №05 сандуу кайрылуусунун жана Таш-Булак айыл өкмөт башчысынын 2023-жылдын 21-декабрындагы №01-18/1509 сандуу катынын негизинде Таш-Булак айылдык кеңешинин 25.01.2024-жылдагы кезектеги ХХIХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Булак айыл аймагынын Ынтымак айылынын Эски-Арал участкасында жайгашкан убактылуу ижарага берилген жалпы аянты 3,5га идентификациялык код номер 3-05-12-0022-0105 жер тилкесинин, завод ээлеп турган 1,0га жер аянтын «Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлери» категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Таш-Булак айыл аймагынын Ынтымак айылынын Эски-Арал участкасында жайгашкан, “Байэл Премиум” ишканасынын убактылуу ижарага берилген жалпы аянты 3,5га болгон жер тилкесин завод жайгашкан 1,0га жер тилкесин, Сузак райондук мамлекеттик администрациянын алдында түзүлгөн жер комиссиясынан жер пайдалануу боюнча өзгөртүү киргизип берүү жагы суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу, мыйзамдын талаптарына жооп берген иш кагаздарды тактап, максаттуу пайдаланууну камсыздоо жагын Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Г.Азимовго, жер адис А.Сатвалдыевге тапшырылсын.
4. Токтомдун өз убагында аткарылышын камсыздоо Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Г.Азимовго тапшырылсын.
5. Токтом кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын
Таш-Булак айылдык кеңешинин төрайымы: | М.С. Алтыбаева |