ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Арык айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын III-кезектеги сессиясы
2021-жылдын 15-ноябры №5/3
Жер аянттарын трансформациялоого сунуштоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесинин 4-бөлүмүнө жана Кыргыз Республикасынын 26.12.2020-жылдагы «Инвестицияларды колдоо маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» №12 мыйзамынын 1-беренесинин 2-бөлүмүнүн 84-бөлүмчөсүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Жаны-Арык айылдык кеңеши, токтом кылат:
1. Жаны-Арык айыл аймагындагы «Чет-Булак» участкасындагы №607 контурундагы кунарсыз таштак жайыттан 2 га жер аянты жана «Шорго» участкасындагы №1074 контурунда кунарсыз таштак жайыттан 1 га жер аянты, жер фондусунун өндүрүш багытындагы категориясына которууга (трансформациялоого) сунушталсын;
2. Бул жер аянттарын трансформациялоо үчүн тиешелүү мамлекеттик органдардан корутундуларды алуу менен иш жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси К.Көктаевге тапшырылсын;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаны-Арык айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Карымшаковго милдеттендирилсин.
Төрайым: | М.Акматалиева |