ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Чолпон айылдык кеңешинин кезектеги VI сессиясы
2021-жылдын 16-декабры № 6/11
Ниязова Сайкалдын ишкердикке жер аянтын сураганы жөнүндө
Осоавиахим айылынын тургуну, жеке ишкер Ниязова Сайкалдын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Осоавиахим айылынын тургуну, жеке ишкер Ниязова Сайкалдын Чолпон айылынын борборунан ишкердик кылууга 10 (он) сотых жер аянтын бөлүп берүүнү суранган, бош жер аянты жок болгондугуна байланыштуу жер аянты бөлүнүп берилбейт.
2. Ишкердик кылууга жана көргөзмө бурчун уюштурууга ҮДТ №6 бөлүмүнөн бош турган 1 бөлмө ижара акысын төлөбөстөн берилсин.
Төрага | Жумалы уулу Адил |